00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оторбаев: "Кумтөр" боюнча документти апрелдин экинчи аптасында алып келе алабыз

© пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш заслушивает информацию Правительства о ходе исполнения постановлений парламента, связанных с деятельностью проекта «Кумтор»
Жогорку Кенеш заслушивает информацию Правительства о ходе исполнения постановлений парламента, связанных с деятельностью проекта «Кумтор» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кумтөр" боюнча келишим долбоору абдан чоң документ экендигин айткан өкмөт башчысы Оторбаев аны парламентке апрелдин экинчи аптасында алып келе тургандыгын айтты.

Бишкек, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт "Кумтөр" боюнча документтин акыркы вариантты парламенткен апрелдин экинчи аптасында алып келе ала тургандыгын айтты.

"Кумтөр" боюнча маселени карап жаткан жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөткө бул маселени президент Алмазбек Атамбаев өзүнө алып чечип койбойт беле деген суроо узатты.

"Алмазбек Атамбаев 2007-жылы 30-августта премьер-министр кезинде "Кумтөр" боюнча маселени өзү эле чечип койгон", — деп суроо салды Абдылдаев.

Бул чарбалык маселе экендигин айткан премьер-министр, ал кезде маселенин баарын жаратып жаткан 2009-жылдагы макулдашуулар пакети жоктугун айтты. 

"Биздин колу-бутубуз ушул документтер менен байланып турат, себеби, баарын "Centerra Gold Inc." аркылуу чечкенге туура келип жатат", — деди Оторбаев.

Ал кездеги жагдайды "Кыргызалтын" ААКтын жетекчиси Токон Мамытов түшүндүрүп берди.

"Ал кезде 30 пайыздан ылдыйлап, 16 пайызга түшүп калганда, атайын жумушчу топ түзүп, өкмөттүн токтомун кабыл алып, өзү (Атамбаев – ред.) чечкен. Бирок, ал өкмөт башчылыгынан кеткенден кийин, 2009-жылдагы макулдашуулар пакети кабыл алынып, абал башкача өзгөрүп кеткен", — деп түшүндүрдү Мамытов. 

Ишкана түзүлсө, КР Centerra компаниясынын акционерлер тизмесинен чыгат 

Депутаттын биргелешкен ишкана түзгөндө "Centerra Gold Inc." компаниясында "Кыргызалтын" ААКтын 33 пайыздык акциялары калабы деген суроосуна ал, КР толугу менен акционерлердин тизмесинен кетерин айтты. 

"Реструктуризациядан кийин "Centerra Gold Inc." компаниясында акцияларыбыз калбайт, бир активди экинчи активге алмаштырып жатабыз. Бул компаниянын туунду ишканасы "Кумтөр Голд Компани" 800 млн. долларга бааланды. Канадалыктар анын жарымы, 400 млн. доллор менен биздин (Кыргызстан – ред.)" киришибизди, жарымысы менен өздөрүнүн киришин сунаштады", — деди Мамытов. 

Абдылдаев өкмөттөн "Кумтөр" боюнча документти качан алып келээрин сурады.

Учурда аталган "Кумтөр" боюнча келишим долбоору абдан чоң документ бар экендигин айткан премьер-министр Оторбаев аны апрелдин аягында гана алып келе тургандыгын айтты.

 "Бул келишимдин долбоору аябай чоң, бирдиктүү документ. Рекультивация жана жаңы аудит боюнча дагы эки чоң маселе учур калды. "Centerra Gold Inc." компаниясынын жаңы аудитинин натыйжалары 26-мартта чыгат. Ошондон кийин биз жаңы моделдин эсебин чыгарганга даяр болуп калабыз. Аудит 26-мартта чыкса, алар менен сүйлөшкөнгө, акыркы чекитти койгонго бизге 2-3 апта керек. Менимче, апрелдин экинчи бөлүгүндө документти сиздерге алып келебиз", — деди Оторбаев.

2014-жылдын 6-февралында парламент кыргыз өкмөтү менен "Centerra Gold Inc." компаниясынын ортосундагы бекитилген макулдашууну жактырган. Министрлер кабинетинен "Кыргызалтындын" үлүшүнүн реструктуризацияланышы боюнча жаңы макулдашуу 2009-жылдагы макулдашууга негиз катары алынмакчы. "Кумтөр" кенин иштетүүнүн жаңы шарттар боюнча "Кыргызалтын" жана "Centerra Gold Inc." бирдей үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүү туурасында сөз жүрүүдө. Учурда Канададан келген юристтер тобу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0