10:40 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Вывеска аптеки

РФ Саламаттык сактоо министрлиги: ЕЭАБдин катышуучуларды бирдиктүү дары-дармек рыногун түзмөкчү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
6 0 0

ЕЭАБде дарылар менен медициналык буюмдардын бирдиктүү рыногу түзүлөт деп билдирди шейшембиде Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Олег Салагай.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин катышуучулары дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун түзүшөт деп билдирди РИА Новости Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Олег Салагайга таянуу менен.

"Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жүрүшүндө дары каражаттарынын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында айлануусунун бирдиктүү принциптери менен эрежелери жөнүндө макулдашууга жана медициналык буюмдарын (медициналык максаттагы буюмдардын жана медициналык техниканын) айлануусунун бирдиктүү принциптери менен эрежелери жөнүндө макулдашууга кол коюлду", — деп билдирди Салагай.

Анын айтымында, макулдашуулардын максаты Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногунун иштеши үчүн укуктук негиздерди түзүү болуп эсептетет. 

"Макулдашуулар 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, ал эми ага чейин бирдиктүү рыноктун иштөөсүнө зарыл экинчи баскычтагы акттар иштелип чыгат", — деп билдирди Салагай.

ЕЭАБди кантип түзүшкөн

Евразиялык экономикалык биримдик — евразиялык интеграциялоонун алкагында Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Бажы биримдигинин негизинде 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан экономикалык биримдик. Экономика тармагында мамлекеттер аралык интеграциялоонун алкагында кызматташтык мурдагы советтик мейкиндикте 1990-жылдардын аягынан бери жүргүзүлүп келе жатат. 1999-жылдын 26-февралынан тартып Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.

Тема боюнча

Кыргызстан менен Россиянын президенттери Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүн талкуулашты
Атамбаев: КРдин ЕАЭБке кошулушунун ачык жана адилеттүү параметрлери аныкталды

ЭҢ МААНИЛҮҮ