Шарптын алдын алуу боюнча Россия Кыргызстанга жардам берүүгө даяр

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАрхив: ферма
Архив: ферма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жаткандыктан, ветеринария тармагынын жагдайы өтө маанилүү жана өзүнүн эпизоотикалык абалын жакшыртуусу зарыл.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. КР ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Россиянын ветеринария жана фитосанитардык федералдык кызматынын башчылары жолукту. 

Түштүк Кореялыктар Кыргызстанды жер семирткич менен камсыздоого кызыгууда
Кыргызстандын мамлекеттик инспекциясынын директору Самир Осмоналиев билдиргендей, бүгүнкү күнү Кыргызстанда ветеринария тармагы жаңы багыт боюнча өнүгүп, негизги көңүл өлкөдөгү эпизоотикалык абалга бөлүнүүдө. 

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү эпизоотикалык абалды жакшыртуу керектигин баса белгилешти. Себеби, Кыргызстан экономикалык биримдикке киргенден кийин сүт-эт азыктарын сатышы керек. Андыктан мал ооруларынын алдын алуу абдан маанилүү. Өзгөчө көңүл малдын шарп оорусуна бурулат жана атайын программанын негизинде 3 жылдык мөөнөт менен эмдөө иштерин жүргүзүү да каралууда.

Өз кезегинде, Россия тарап шарп оорусунун алдын алууда жардам берүүгө даяр экенин жана алар малдын абалын жакшыртуу боюнча Монголияда ийгиликтүү иштерди жүргүзүшкөндүгүн айтышкан.

Жолугушуу маалында эки тараптын адистеринен турган жумушчу топ түзүү жана мал оорусунун алдын алуу жаатында иштерди жасоо макулдашылды.

Самир Осмоналиев кыргыз тарап өз адистерин Россияга жиберип, билимин жогорулатууга кызыкдар экенин билдирди. Кайсыл багыттар боюнча адистердин билимин жогорулатуу керектигин кыргыз тарап чечиши керектигин орус тарап маалымдады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0