07:55 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Пресс-конференция депутата Госдумы РФ Алексея Пушкова

Пушков: Украинанын экономикасын РФтин катышуусу жок кантип калыбына келтирүүнү ЕБ билбейт

© Sputnik / Артем Житенев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
9 0 0

ЭВФтин эсептөөлөрү боюнча Украина каржылык кыйроону болтурбоо үчүн бир нече жума ичинде кошумча 15 миллиард долларга муктаж.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. РФтин Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков Украинанын экономикасын Россиянын катышуусу жок кантип калыбына келтирүү керек деген суроого ЕБнын жообу жок деп эсептейт, деп билдирет РИА Новости.

Мурдараак Standard & Poor's эл аралык рейтинг жүргүзүүчү агенттиги Украинанын чет элдик валюта боюнча узак мөөнөттүү көз карандысыздык рейтингин "ССС"тен "ССС-" деңгээлине түшүргөн. Агенттик өлкөнүн "uaB+" улуттук мамычасы боюнча да деңгээлин төмөндөткөн. Рейтингдин төмөндөшүн агенттик ЭВФ мамлекетке каражат бөлүүнү кийинкиге жылдырганына байланыштуу Украина өкмөтү өз милдеттемелерин аткарбоо коркунучунда калганы менен түшүндүрөт. 

"Италия агенттиги менен болгон маекте мен ЕБ Украинанын кыйроого учураган экономикасын Россиясыз кантип көтөргөнү жатат деген суроо койдум. ЕБнын буга жообу жок. Болбойт дагы", — деп жазган Пушков жекшемби күнү кечинде Twitterдеги өзүнүн микроблогунда.

Украина азыр оор саясий абалда. Бул анын экономикасына жана бюджеттик тармагына кедергисин тийгизүүдө. Өлкө анык дефолт алдында турат. Өкмөт өлкөнүн ички дүң жүгүртүүсү 2014-жылы 5 пайызга түшөт деп божомолдоп жатат. Ноябрда премьер Арсений Яценюк бул көрсөткүч 7 пайызга төмөндөшү мүмкүн деп билдирген. Ушундай эле божомолду Украинанын Улуттук банкы да жасап жатат. Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы өлкөнүн ички дүң жүгүртүүсү 7 пайызга, ал эми Fitch агенттиги 5 пайызга кыскарат деп божомолдойт. Бийлик экономиканы тыштан карызга алуу менен сактап калууга үмүттөнүп жатат.

Financial Times гезити мурдатан билдиргендей, ЭВФ Украина каржылык кыйроону болтурбоо үчүн бир нече жума ичинде кошумча 15 миллиард долларга муктаж экендигин эсептеп чыккандыгын билдирген эле. Бул сумма аталган фонд мурдатан жактырган, бюджетти саясий жана экономикалык каатчылык шартында турукташтыруу үчүн каралган 17 миллиард долларга кошумча болушу керек. ЭВФтин насыясынын 3,2 миллиард доллар көлөмүндөгү биринчи акча которуусун Киев май айында, экинчисин — 1,4 миллиард долларды — сентябрдын айында алган.

Белгилер:
Мамлекеттик Дума, Standard & Poor's, Арсений Яценюк, Алексей Пушков, Киев, Украина, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ