07:57 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Рабочий визит В.Путина вТурцию

Жаңы газ түтүгү "Түрк агымы" деп аталышы мүмкүн

© Sputnik / Сергей Гунеев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

Түркия аркылуу өтө турган жаңы газ түтүгү "Түрк агымы" деп аталышы мүмкүн экендигин шаршембиде өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Мурдатан кабарлангандай, аталган газ түтүгү Россия баш тарткан "Түштүк агымынын" ордуна салынмакчы. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Президент Путиндин сунушу менен жаңы "Түштүк агымын" биз "Түрк агымы" деп атоону ойлонуп жатабыз. Ал Кара деңиздин түбү менен Россиядан Түркия аркылуу Грециянын жээгине чейин өткөрүлөт. Түркия менен Европа газды өзүлөрүнө керегинче ала алат. Ошентип, Түркия бүтүндөй аймактын энергетикалык хабына айланат", — деп билдирди Эрдоган мунайзат жана газ тармагындагы стратегия боюнча Анкарада өткөн симпозиумдагы сөзүндө.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө 1-декабрда "Газпром" менен Botas түрк компаниясы Кара деңиз аркылуу Түркияны көздөй кубаттуулугу жылына 63 миллиард кубометрди түзө турган газ түтүгүн куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан. Аталган көлөмдүн 14 миллиард кубометри Түркия үчүн каралган, ал эми калган 50 миллиард кубометрге жакын газ Түркия менен Грециянын чек арасына өткөрүлмөкчү.

когда "Газпром" ориентировался на поставки конечному потребителю: в будущем странам Европейского Союза придется покупать газ на границе, отмечал глава "Газпрома" Алексей Миллер.

Бул долбоорго өтүү жана "Түштүк агымынан" баш тартуу европалык рынокто иштөө үлгүсүн өзгөртүүгө карай жасалган кадам, мурда "Газпром" газды акыркы пайдалануучуларга жеткирип берүүгө багытталган болсо, эми Европа биримдигинин өлкөлөрүнө газды чек арадан сатып алууга туура келет, деп белгилеген "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер.

Белгилер:
Түрк агымы, Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Алексей Миллер

ЭҢ МААНИЛҮҮ