Парламент экинчи окууда 2015-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАрхив: доллар
Архив: доллар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылдын бюджетинин долбоору депутаттар тарабынан жактырылды.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары КРдин 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.

Архив: Эсепчи - Sputnik Кыргызстан
2015-жылга жергиликтүү бюджеттер 16 миллиард сомду түзөт
2015-жылдын бюджети 14-ноябрда биринчи окууда кабыл алынган.

Шаршембиде, 3-декабрда эл өкүлдөрүнүн суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөттүн өкүлдөрү жооп беришти.

Долбоор боюнча 2015-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 11 миллиард сомго өсүп, чыгымдар дээрлик 132 миллиард сомду түзмөкчү. ИДӨнүн өсүү темпи кийинки жылы 6,2 пайыз деңгээлинде болору болжонууда.

Бюджетти кабыл алуу процессине ылайык, август айынын аягында негизги бюджеттин долбоору парламенттеги комитеттер менен фракцияларда каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0