18:43 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Экс-депутат парламента Кыргызстана, лидер объединенной оппозиции Кыргызстана Т.Сариев

Сариев: ББга мүчө өлкөлөрдүн кирешелеринин үлүшү 10-декабрда каралат

© Sputnik / Владимир Федоренко
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
6 0 0

Парламенттик угуу маалында экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигинин жана Евразиялык экономикалык биримдигинин жалпы кирешелериндеги Кыргызстандын үлүшү жөнүндө чечим 10-декабрда кабыл алына турганын билдирди.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Бажы биримдигинин жалпы кирешелериндеги Кыргызстандын үлүшү жөнүндөгү чечим 10-декабрда кабыл алына турганын экономика министри Темир Сариев билдирди.

Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине кирүүгө байланышкан мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Бул угууну Жогорку Кеңештеги экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети менен агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитети биргелешип уюштурган.

"Бажы биримдигинде Кыргызстандын үлүшү канча болору тууралуу так маалыматтар жок. Бүгүн бул маселе боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйыны болот. 10-декабрда Бажы биримдиги жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлер кеңешинин жыйыны өтөт. Ал жактан Кыргызстандын үлүшү канча болору так бекитилет", — деди министр.

Сариев ошондой эле 23-декабрга чейин биринчи этаптагы бардык мыйзам долбоорлору парламент тарабынан жактырылышы керектигин кошумчалады. Экинчи этап Кыргызстандын ББ жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү жөнүндө келишимге кол коюлгандан кийин башталат.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2011-жылы баштаган. Россия, Беларусь жана Казакстан мамлекеттери кирген экономикалык альянска кирүү үчүн Кыргызстандын олуттуу ниети бар экенин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бир нече жолу билдирип келген.


Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Бажы биримдиги, Жогорку Кеңеш, Темир Сариев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ