07:56 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Т.Сариев

ББга кирүүдө КРдин мыйзамдарына каршы келген учурлар болбош керек

© Sputnik / Владимир Федоренко
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
16 0 0

Кыргызстан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу боюнча процедураларын декабрь айынан аягына чейин бүтүрүшү керек.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуу боюнча ички мамлекеттик процедуралар декабрь айынын соңуна жыйынтыкталышы керек. Бул тууралуу Жоомарт Оторбаев төрагалык кылган Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) жана Бирдиктүү экономикалык аймакка (БЭА) кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиясынын шаршембидеги жыйынында айтылды.

Жыйында премьер-министр келишимдеги ар бир пункт тыкыр каралуусу керектигин белгиледи.

"Бардык документтерди сапаттуу иштеп чыгуу зарыл. Биз Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарына карама-каршылыктардын келип чыгуусуна жол бербешибиз керек. Бардык процедуралар сакталып, тактап айтканда, келишим долбоору кеңири коомдук талкууга алынышы керек", — деп белгиледи өкмөт башчы.

Ал эми экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө келишим долбоору республиканын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлгөнүн билдирди.

"Келишим долбоорун талкуулоо үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Россиянын жана Казакстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкерлер чөйрөсү жана бизнес-түзүм өкүлдөрү менен талкуулар өткөрүлгөн", — деди ал.

Жоомарт Оторбаев декабрь айынын соңуна карата ички мамлекеттик процедураларды жыйынтыктап, келишимди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна сунуштоо зарыл экенин кошумчалады.

Жыйында, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө келишим долбоорунун пункттарын тыкыр каралып чыгуусу тууралуу чечим кабыл алынды. Долбоор коомдук кеңири талкуудан өтүүсү үчүн КР өкмөтүнүн жана Экономика министрлигинин расмий веб-баракчасына жайгаштырылат.


Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)

Тема боюнча

Бажы биримдиги айыл чарба продукцияларына суроо-талаптарды өстүрмөкчү
Кыргызстан: Бажы Биримдиги коопсуздуктун кепилдиги катары каралууда
Кыргызстан ББга кирүүдө экономиканын өнүгүү сценарийлерин иштеп чыгат
Белгилер:
Казакстан, Россия, Темир Сариев, Бирдиктүү экономикалык аймак, Бажы биримдиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ