18:45 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Газеты

"Фабула" гезити кызматтан алынган министрлерди булардын иши эмес, шиши толгон деп жазды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Басма сөзгө баяндама
Кыскача шилтеме алуу
139 0 0

"Фабула" гезити 16-декабрда чыккан санында бир катар министрлер менен депутаттарды сынга алды.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Шейшемби, 16-декабрда чыккан кыргыз тилдүү гезиттер кызматтан алынган министрлер тууралуу жазышты. "Фабула" гезити 16-декабрда чыккан санында министрлер жөнүндө "Иши эмес, шиши толгон булардын…" деп жазды.

"КСДП эл ишенимин актабаган эки аткаминерин иштен алып ыргытты. Канат Садыков эмгек өргүүсүнө кеткен боюнча экс-министрлик макамга татыса, Алиясбек Алымкулов болсо, өз эрки менен кетип башкаларга үлгү болгонун жана мындан ары саясат менен шугулданбай илимий иштер менен алектенерин билдирди", — деп жазат аталган басылма.

Гезит ошондой эле, кызматтан алынышы керек болгон бир топ аткаминер бар экен, бирок парламенттеги фракция башчылары дымып отурат, Куловдун, Текебаевдин элдин кыжырын кайнаткан "эркелерин" отставкага айдаганга эрки жетер бекен деп, жазат.

"Фабула" гезити 16-декабрда чыккан санында Муфтиятка карата салык кызматы чектеген 22 миллион сом салыкты кечүүнү сунуштап жаткан депутаттар Текебаев менен Куловду сынга алат. Тактап айтканда "Муфтиятка жан тартып, жалпы мусулмандарга жагам дейби" деген теманын алдында салык деген бардыгына бир, ал мусулманбы, каапырбы, шайтан-шабырбы, баары бир төлөш керек, деп жазат гезит.

"…Өткөндө Текебаев айт намаздарына чогулгандай элди бир дагы партия чогулта албай турганын айтканы бар. Эмдиги жылкы шайлоодо муфтиятка жан тартып, ошолордун добушунан арбыныраак алалы дешкен окшойт", — деп белгилейт аталган гезит.


Тема боюнча

Дамира Ниязалиева вице-премьер-министр болууга макулдугун билдирди
Сариева: Билим берүү министрлигине талапкерлигимдин сунушталышы – мен үчүн сыймык
Белгилер:
Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Алиясбек Алымкулов, Канат Садыков

ЭҢ МААНИЛҮҮ