Ырчы Нурмат Садыров: жашоодогу "торгоюмду" таба элекмин

© Sputnik / Табылды КадырбековЭстрада ырчысы Нурмат Садыров маек учурунда
Эстрада ырчысы Нурмат Садыров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тойго барсам да — торгоюм, эшикке чыксам да — торгоюм, маршруткага түшсөм да — торгоюм, алдымда отурган жигит да — торгоюм. Кыскасы бүгүнкү конок ким экенин түшүндүңүз да, ээ?

Учурда жылдызы жанып, элдин сүймөнчүгүнө ээ болуу менен мезгилдин жаш жана таланттуу ырчысына айланган Нурмат Садыров менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. 

— Эски жыл сиз үчүн жемиштүү жылдардан болду окшойт. Бир чыгарманын аркасы менен көптөгөн адамдарды бириктирдиңиз, көптөгөн жакшылыктарга кызмат кылдыңыз дегендей…

— "Торгоюм" чындыгында жемиштүү ырларымдын бири болду. Ошентсе да чыгармачылыгыма эң чоң салымды элим кошту. Негизи элге жаккан чыгарма болсо эле өзү колдоп-коштоп алат. Өзүм чыгармачылыкка бир күндө эле келип калган жокмун. Бир күнгө да келген жокмун. Буюрса жасай турчу иштер дагы алдыда. Буга чейин да чыгармаларымды жаздырып эмгектенип жүргөм. Былтыр алгачкы жолу жеке концертимди бердим. Экинчиси концертимди жакында эле кыргыз-казак достугунун 25 жылдык салтанатында тартууладым. 

Нурмат Садыровдун "Торгойум" ырын аткаруусу

— Ал концертти Казакстандын учурдагы жылдызы Төрөгали Төрөали менен биргеликте бергениңизди билебиз. Концерт өзүңүзгө жактыбы, даярдыктар кандай болду? 

— Бул концертке адаттагыдай жүгүргөн жокмун. Ыр жагынан эле даяданып, сахнага кие турган костюмдарымды камдадым. Уюштуруу жагын Кайрат агабыз алып, Маданият министрлиги да колдоо көрсөтүп берди. Кыргызстандын атынан мени, Казакстандан Төрөгали Төрөалинин тандап алышыптыр. Өзүмдүн жумушума так туруп милдетимди аткардым. Концерттик программада Төрөгали экөөбүз эле ырдадык. Сырттан коноктор келип, ашар концерт болгон жок. Ал сахнадан мага домбурасын белекке берсе, мен комузумду белекке бердим. Экөөбүз достук иретинде сахнада айтыштык. Биринчи жолу айтыш өнөрүнөн өзүмдү сынап көрдүм. Аракет кылдым, жаман болгон жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурмат Садыров: "Торгоюм" чындыгында жемиштүү ырларымдын бири болду. Ошентсе да чыгармачылыгыма эң чоң салымды элим кошту. Негизи элге жаккан чыгарма болсо эле өзү колдоп-коштоп алат
Кыргызский эстрадный певец Нурмат Садыров - Sputnik Кыргызстан
Нурмат Садыров: "Торгоюм" чындыгында жемиштүү ырларымдын бири болду. Ошентсе да чыгармачылыгыма эң чоң салымды элим кошту. Негизи элге жаккан чыгарма болсо эле өзү колдоп-коштоп алат

— Уюштуруучулар эмнеге сизди тандап алыптыр? Мындай чоң сунушту сүйүнүү менен эле кабыл алсаңыз керек?

— Алар "Төрөгалини Кыргызстанга биринчи жолу алып келмекпиз, кыргыз-казак достугунун 25 жылдыгына карата концерт уюштуруп жаттык эле. Бул жактан сени тандап жатабыз, анкени элге өтүп турган убагың, күйөрмандарың да көп" дешти. Анын үстүнө ырларым фольклор жаатында болгондуктан элге жакынмын. Буга чейин комуз менен да ырдап эфирлерге барып жүрчүмүн.

Концерт болордон мурун Астанага барганыбызда бизди жакшы сыйлашкан. Биз дагы концерт бүткөндөн кийин жакшылап сыйлап узатып жибердик. 

Эң башкысы кыргыз менен казакты өнөр бириктирип турат. Мындай концерттер көп болсо жакшы болмок. Бирок биздики баягы эле залдын ижарасы, ашыкча чыгым же колдоонун жоктугунан болбой келет. Керек болсо концерт коюп алып карыз болуп калган ырчыларыбыз да бар. 

— Башында "Торгоюм" тууралуу кеп кылып жаттык эле. Ал ырды кантип ырдап калдыңыз? 

Певец кыргызской эстрады, участник группы Биз Бактияр Токторов - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Токторов: "Буй-буйду" ырдаганда көбү мени ичип алган окшойт дешет экен
— Ырларымдын 80 пайызы өзүмө таандык эле. Мурун эски ырларды алып чыгуудагы жоопкерчиликтен коркуп жүргөм. Айрымдар ырды бузуп коюптур, же ырдай албаптыр деп айтышы мүмкүн. Анан ойлонуп отуруп "Торгоюмду" тандап алгам. Уят болбоюн деп жакшы даярдангам. Анан радиолорго катардагы ырлардай алып барып берсем, бир жуманын ичинде эле хит болуп кетти. 

"Торгоюмду" мага чейин деле профессионал эже-агайларым ырдаган. Ырды жаздырып баштаганда интернеттен авторун издеп таппай койгом. Алтын фонддон сураштырсам ар ким түрдүү варианттарды айтып туруп алды. Анан радиого сөзү, обону элдики деп берип койгом. Ыр популярдуу болуп, клип тарттыргандан кийин Таластан сөзү мага таандык деп Рыскулбек Турсуналиев жана обону меники деп Советбек Үсөналиев агайларыбыз келди. Бул ырды мынчалык популярдуу кылган сен болдуң деп ыраазычылыктарын билдирип, китепчесин тапшырып кетишкен.

— Күзүндө болгон тойлордо сиздин ырыңызды гана коюп жаткандай сезилди. Мындан улам күзүндө тойдон эле колуңуз бошобой калса керек?

— Кудайга шүгүр, күзүндө бир күндө ондон ашык тойго барып жаттым. Бул ырга жашы деле, карысы деле тура калып бийлеп жатты. Барсаң коноктор жадырап тосуп алышат, кетип баратсаң ак батасын, белек-бечкегин тартуулашат. Бир тойго барсам кадимки эле жонума куржун асып жөнөтүшкөн. Ичин ачсам таттуулардун түрүн салып коюшуптур. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурмат Садыров: кыргыз ырчыларынын маңдайына элибизде той-жакшылыктар болуп турганы жакшы деп ойлойм. Той болбосо кайдагы каражат, кайдагы алдыга карай өсүп-өнүгүү болмок? Гастроль деген азыр Кыргызстанды эки айланганда эле бүтүп калат
Кыргызский эстрадный певец Нурмат Садыров - Sputnik Кыргызстан
Нурмат Садыров: кыргыз ырчыларынын маңдайына элибизде той-жакшылыктар болуп турганы жакшы деп ойлойм. Той болбосо кайдагы каражат, кайдагы алдыга карай өсүп-өнүгүү болмок? Гастроль деген азыр Кыргызстанды эки айланганда эле бүтүп калат

Кээ бир ырчылар "мен тойдун ырчысы эмесмин" деп айтышканын маектеринен окуп калам. Кыргыз ырчыларынын маңдайына элибизде той-жакшылыктар болуп турганы жакшы деп ойлойм. Той болбосо кайдагы каражат, кайдагы алдыга карай өсүп-өнүгүү болмок? Гастроль деген азыр Кыргызстанды эки айланганда эле бүтүп калат. Талап болуп турса эл деле сени чакырат. 

— Той учурунда кандай кызыктуу учурларга кабылып жүрөсүз?

— Азыр аттары, даректери окшош кафелер көп. Ырдап бүткөндөн кийин той ээсине чалсам, "ой сен келе элексиң го, биз күтүп жатабыз" дейт. Сураштыра келсең башка адресте жайгашкан тойканада кызмат кылып, жөн жерден бирөөнүн жакшылыгына белек катары ырдап кеткен болосуң (күлүп). 

Ырчы Нурмат Садыровдун "Мен сүйгөн менен пайдасы жок" ырын аткаруусу

— Жогоруда ырларымдын сөзүн өзүм жазам деп калдыңыз. Убагында "мен сүйгөн менен пайда жок" деген ырыңыз абдан хит болду эле. Анын жаралуу тарыхы өзүңүзгө байланыштуубу?

— Обону Руслан Нарынбаевге, сөзү менин калемиме таандык. Башында Руслан байкеге жакшы ырлар барбы деп сурасам, сага ылайыктуу деп "мен сүйгөн менен пайда жок" деген ырды берген. Болгону ушул эле сөзү бар экен. Толугу менен бүтүрүп берсеңиз ырдайын деп жүрдүм. Бирок арадан убакыттар өтө берди. Мен күткөн ыр жок. Чалсам "өзүң эле улантып жазып алчы, бошобой жүрдүм эле" дегенинен сөзүн өзүм жаздым.

Чындыгында ырда айтылгандай сүйүү менин башыман өткөн. Бирок баары артта калды. Бул чыгарма дагы мени бийиктикке көтөрүп, мен күткөндөн да жакшы жыйынтыктарды алып келген. 

— Чыгармачылыкка кантип аралашып калдыңыз эле дегенден көрө, канча жашыңыздан бери ырдап келесиз деген суроону бергим келип турат?

Эстрадная исполнительница Гульнара Тойгонбаева - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Тойгонбаева: кызым Күнай сырдашканга жарап калды
— Токтогулдун Торкен айылынан болом. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кенжесимин. Алиппе майрамынан баштап эле ырдап келе жатам. 4-классымда "Жаш талант" сынагына катышып, жеңүүчү болгом. 5-классымда Сыймык Бейшекеевдин "Биз элдик таланттарды издейбиз" сынагынан жеңүүчү болуп кайткам. 9-классты бүтүп шаарга келип, Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, биринчи курста эле кафелерде музыкант болуп иштечүмүн. Кафе дагы адамды өзүнчө тарбиялайт. Күнүгө ырдасаң үнүң машыккандай сезилчү. 2008-жылдары Нурмат, Ильич, Билим деген балдар болуп трио түзүп ырдап чыккан "Асылзат" ырыбыз уюлдук аппараттар аркылуу эле популярдуу болгон. Ал кезде телерадиолорго ырларды бергенди деле билчү эмесмин. Таанышың жок болгондон кийин сахнага чыгуу да кыйын болду. 

Акча чогултуп аппаратура алгам, аны сатып бир ыр жаздырып клип тарттыргам. Анан ырчылар менен концерттерде жүрүп тажрыйба топтодум. Мурун катары менен ыр жаздырганга мүмкүнчүлүк аз эле. Азыр кудайга шүгүр. Эмгектенип тапкан акчаны кайра эле чыгармачылыгыма жумшап жатам. Кошумча жумушум жок. Акчаны чыгармачылык аркылуу эле табам.

© Sputnik / Табылды КадырбековНурмат Садыров: кичинекей кезимен бери ырчы болом деп кыялданып жүрчү элем. Кыялдарым эми орундалып келе жатат. Мыкты чыгармаларды жаратып, концерттерди бергим келет
Кыргызский эстрадный певец Нурмат Садыров - Sputnik Кыргызстан
Нурмат Садыров: кичинекей кезимен бери ырчы болом деп кыялданып жүрчү элем. Кыялдарым эми орундалып келе жатат. Мыкты чыгармаларды жаратып, концерттерди бергим келет

— "Торгоюмдан" кийин кандай чыгармаларды жаздырсам деп ойлоп жатасыз?

— Казак-кыргыз достугунун салтанатына арналган концертке карата "Кыргызстан" аттуу жаңы чыгарманы жаздым. Буюрса эми радиодон кете баштайт. Чыгармачылыктын түмөн түйшүгү бар. Мен продюсери жок жалгыз иштейм. Кээде бардык ишти бүтүргөнгө жетишпей калам. 

— Жеке жашооңуз тууралуу да айта кетсеңиз. Качан бойдокчулук менен кош айтышайын деп жатасыз?

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
— Азыр бойдок кезде ырдап жүрсөм күйөрман кыздарымдын бардыгы мага тийчүдөй, мен алып алчудай жакшы мамиле кылышат. Балким болочоктогу жубайым күйөрмандарымдын арасынан деле болуп калышы мүмкүн. Бойдок кезде чыгармачылыгым менен иштеп алайын деп жатам. Кичинекей кезимен бери ырчы болом деп кыялданып жүрчү элем. Кыялдарым эми орундалып келе жатат. Мыкты чыгармаларды жаратып, концерттерди бергим келет. Келечекте үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирге алып кетем деген ой-максаттарым бар. Чыгармачылык мен үчүн жөн гана хобби эмес, аны кесип катары карайм. Анан үйлөнүп алгандан кийин деле кыздар башка бирөөнүн күйөөсүнө көз арта бермек беле деп ойлоном. 

— Азыр сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Сүйлөшкөн кызым деле жок. Бирок табыш керек болуп жатат (күлүп). Үйдөгүлөр деле "сүйлөшкөн кызың менен тааныштыр" деп айтып жатышат. Азыр силерге бир кызды алып келип таааныштырып коюп, кийин башка кызга үйлөнүп калсам эмне болот, бир аз коё турайын дедим. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, мени сыйлай билген кыз болсо дейм. Багыма кыргыздын бир сулуу кызы тургандыр. Мен өзүм патриотмун. Ата-энем дагы кыргыздан куда күткүлөрү келет. Келе жаткан жылы сүйлөшө турчу кыздардан караштырам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0