Эл оозуна алынган кичинекейлер. КВНчиден тарта ди-джейге чейин

© Sputnik / Табылды КадырбековМолодоц актер Канат Дилдедосов
Молодоц актер Канат Дилдедосов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинесинен эмгекти сүйүп, талантты кадырлаган уул-кыздардан кыргыздын уучу куру эмес. Төмөндө биз сөз кыла турган балдардын ар биринин өзгөчө таланты бар. Ошол өнөрлөрү менен айрымдары өзүн-өзү камсыз кылса, кээси мектеп курагында мамлекеттин мыкты кызматкери наамын алууга жетишкен.

Sputnik Кыргызстан кичинесинен атактуулукка жетишип, алдыдагы максаттарын чекесинен ишке ашырып келе жаткан уул-кыздардын айрымдарын тизмектеп, алар менен кызыктуу маек курду. 

Үмөт Дөөлөтов, 11 жашта: колумду кармап сүрөткө түшкөндөр көп

Үмөт Дөөлөтов 10 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наамга ээ болгон эң жаш манасчы. Ал Кыргызстандын тарыхында бул төш белгиге ээ болгон биринчи мектеп окуучусу. Жаш манасчы учурда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында 5-класста окуйт.

Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кичинекей манасчы Үмөт: эмне кылсаңар да Манас ата өлбөйт
— "Манас" айтып көп мамлекеттерге бардың окшойт?

— Ооба, көп эле өлкөгө бардым. Россия, Түркия, Азербайжан, Казакстан мамлекеттерин кыдырып, ар түрдүү маданий иш-чараларга катыштым. Келе жаткан 2017-жылы Кытайга чакырып жатышат, буюрса атам экөөбүз барабыз го.

— Чет өлкөлүктөр сенин өнөрүңдү көрүп кандай мамиле жасашат?

— Чекемен өөп, колумду кармап, сүрөткө түшүшөт.

— Манас айтпай көпкө чыдабасаң керек?

— Ооба, мектепте, үйдө отуруп алып айтам. Кээде аябай "Манас" айткым келет, ошондо атамды отургузуп алып айтып-айтып алам.

— Чоң таланттын алдыга койгон максаттары да чоң го?

— Келечекте Саякбай атамдай чоң манасчы болом.

Үмөттүн атасы Болот Дөөлөтов аны той-ашка чакыргандар абдан көп экенин билдирди. Анын айтымында, кээ бирлер аябай көп сумма сунуш кылышат. Бирок андай иш-чараларга азырынча Үмөт бара албай турганын кошумчалады. 

Мачо-Азамат Уланов, 16 жашта: азыркы тамадалардын көбү жакпайт 

Чыгармачылыгын "Тамашоу" лигасынан баштаган кичинекей актер Азамат Уланов азыр 10-класста. "Дерзкий", "мачо", "Шректин мышыгы" деген атка конгон өнөрпоз жаш болсо да токтолуп калган адамдай олуттуу сүйлөп, тартынбай баарын тамашага салып коет.

— Атактуулукка кантип жеттиң?

— Мектептин КВН лигасында ойноп жүрсөм "Тамашоу" лигасына катышууга бир командадан сунуш түшүп калды. Ошентип баш-отум менен "Тамашоу" лигасына кирип ойноп калдым. Анан тасмаларга, клиптерге тартылууга сунуштар түшө баштады.

— Тартылган тасмаларыңан гонорар аласыңбы?

Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жаш актер мачо-Азамат Америкага барып тасмага тартылып келди
— "Сен эмне кылмаксың", "Ишен", "Девушка моей мечты", "Бир тууганчики" тасмаларынын кыскача эпизоддоруна тартылсам, жакында “В поисках моей мамы” тасмасында башкы ролду жараттым. Ал тасма Америкада тартылды. Алгач киного 7-классымда тартылгам, ал жактан эпизодго гана катышып, 500 сом алып абдан сүйүнгөм. Аны дароо үйгө алып барып апама берсем, толкунданып ыйлап жиберген.

— Эми чоң ролдорду да жаратып баштапсың, көбөйсө керек?

— Ооба, иштеген акыңды капа кылбай эле төлөшөт. Бул жолку башкы каармандын образын жаратканым үчүн 1000 доллар гонорар алдым. Эң көп тапкан акчам ушул болду.

— Алдыдагы пландарың жөнүндө айта кетсең, келечекте ким болгуң келет? 

— Келечекте банкир болгум келет, бирок ага чейин окуумду аяктаганда тамадалык кызматты да аркаласамбы деп турам. Анткени азыркы тамадалардын саны көп болгону менен сапаттуулары аз. Мен абдан мыкты тамада болгум келет. 

Айдин Нурдинов, 13 жашта: өзүмдүн стилист, дизайнерим бар

Эл аралык Bala Turkvizyon-2015 сынагына катышып "Алтын үн" номинациясынын ээси аталган 13 жаштагы Айдин Нурдинов келечекте Кыргызстандын мега жылдызы аталгысы келет. Анын жакшы көргөн ырчысы Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков жана казак ырчысы Кайрат Нуртас.

— Turkvizyon сынагынан Кыргызстандын желегин желбиретип жатканда кандай сезимдер болду?

— Көп деле толкунданган жокмун. Бирок жеңиш үчүн болгон күчүмдү жумшадым.

— Чач жасалгаң өзгөчө экен. Стилисттер менен иштешесиңби?

— Ооба, өзүмдүн стилист, дизайнерлерим бар. Кийимди алар чогуу кеңешип тигишет. Ал эми продюсерим — апам. Ал бардык жактан мени колдоп турат. Мен ырдап жатканда өзү ырдап жаткандай толкунданып, чач тарачым бошобой же жок болуп калса өзү жасай калып, айтор, ар дайым мени менен жүрөт.

— Тойлорго барып ырдайсыңбы?

— Аябай суранган учурларда гана барып ырдап калам. Негизи тойлорго көп барбайм.

— Гонорарың канча?

— Атайын коюлган гонорарым деле жок. Ырдап жатканда ар ким өз каалоосу менен берет. Бир тойго барып ырдап 5000 сом таап, ошол эң көп тапкан кирешем болгон. 

Канат Дилдедосов, 8 жашта: Кыргызстанды Дубай, Түркиядай кылам 

Дагы бир таланттуу, өнөрлүү жигиттердин бири кичинекей Канатты көргөн адам дароо эле Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Ак кеме" тасмасындагы Нургазыны элестетет. Бал тилдүү Канат балдар берүүсүн алып барат. Мындан тышкары, бир катар клиптерге жана тасмаларга тартылган.

— Алып баруучулукка кантип келип калдың?

— Менин эжем алып баруучу болом деп кастингдерге бара берчү. Мен да ээрчип алчумун. Анан ошол жактан эжелер мени жактырып калып, байкап көрүштү. Башында "Р" тамгасына тилим келбей койгон. Кийин ага деле карашкан жок. 

— Көптөгөн ролик, клиптерге да тартылып жүрөсүң, акча төлөнөбү?

— Ооба, ар бир клипке 1000 сомдон төлөшөт.

— Канча берүү алып барасың?

— Азыр "Баластан" каналындагы "Баарын билгим келет" берүүсүн алып барам. Андан сырткары, Балдар FM радиосуна да ди-джей болуп иштеп калам.

— Ал жактан да айлык аласыңбы?

— Ооба, телеберүүлөргө тартылган учурда айына 1500 сом алам. Акчаны апама берем. Апам кайра эфирге чыкканга кийим сатып берет, эжелериме да берем.

— Келечекте буюрса, такшалган алып баруучуну же актерду көрүп калат турбайбызбы?

— Жок, мен президент болгум келет. Кыргызстанды Дубай, Түркия өлкөлөрү сыяктуу кооз кылам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдардын сүйүктүү алып баруучуларынын бири Калзат Камчыбек кызы таланттуу балдардын катарын толуктайт.
Балдардын сүйүктүү алып баруучуларынын бири Калзат Камчыбек кызы таланттуу балдардын катарын толуктайт. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балдардын сүйүктүү алып баруучуларынын бири Калзат Камчыбек кызы таланттуу балдардын катарын толуктайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда "Баарын билгим келет" телеберүүсүн алып барат. Ошондой эле Балдар FM радиосунун ди-джейи. Келечекте диктор болууну самайт.
Учурда Баарын билгим келет телеберүүсүн алып барат. Ошондой эле Балдар FM радиосунун ди-джейи. Келечекте диктор болууну самайт. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Учурда "Баарын билгим келет" телеберүүсүн алып барат. Ошондой эле Балдар FM радиосунун ди-джейи. Келечекте диктор болууну самайт.
1/2
Балдардын сүйүктүү алып баруучуларынын бири Калзат Камчыбек кызы таланттуу балдардын катарын толуктайт.
2/2
Учурда "Баарын билгим келет" телеберүүсүн алып барат. Ошондой эле Балдар FM радиосунун ди-джейи. Келечекте диктор болууну самайт.

Калзат Камчыбек кызы, 12 жашта: эки барак сценарийди жарым саатта жаттап алам

Балдардын сүйүктүү алып баруучуларынын бири Калзат Камчыбек кызы таланттуу балдардын катарын толуктайт. Учурда "Баарын билгим келет" телеберүүсүн алып барат. Ошондой эле Балдар FM радиосунун ди-джейи. Келечекте диктор болууну самайт.

— Үй тапшырма аткарып жетишесиңби?

— Ооба, ал эмес сценарийлерди да жаттаганга жетишем. Эки барак сценарийди жарым саатта жаттап коем.

Все профессии нужны, все профессии важны! - Sputnik Кыргызстан
Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет. Балаңызга пайдалуу деген 10 ийрим
— Алып баруучу, ди-джей болуп жүргөнүңө канча жыл болду?

— Беш жашымда ди-джей болуп баштагам. Анан жети жашыман баштап алып баруучу болдум. Ошондон бери алып баруучу милдетти аткарып келем. 

— Анан иштеген акыңды аласыңбы?

— Ооба, ар бир алып барган берүүбүзгө төлөп берет. Бирок мен үчүн башкысы өзүмө жаккан жумушту аткаруу.

— Келечекте алып баруучулукту улантсам деген ой барбы? Же бул азырынча хоббиби?

— Келечекте деле алып баруучу болгум келет. Жаңылыктарды алып барган Чынара Капаровадай диктор болууну самайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0