Жаш актер мачо-Азамат Америкага барып тасмага тартылып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековМолодой актер, квнщик Азамат Уланов
Молодой актер, квнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачылыгын "Тамашоу" лигасынан баштаган кичинекей актер Азамат Уланов азыр 10-класста окуйт. "Дерзкий", "мачо" "Шректин мышыгы" деген атка конгон өнөрпоз жаш болсо да, токтолуп калган адамдай олуттуу сүйлөп, тартынбай баарын тамашага салып коет.

Жакында эле Азамат Америкага барып кыргыз режиссерлору тарткан "В поисках мамы" аттуу тасмада башкы каармандын образын жаратып келди. Тамашакөй талант Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине келип ийгиликтери менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп кетти.

Ак-Өргө City командасында ойноп Акылайдын образын мыкты жараткан Самат Эркинбеков - Sputnik Кыргызстан
Тамашоучу "Акылай" — Самат Эркинбеков: кайрылгандарга ийне сайып да берем
— Америкага барып, тасмага тартылып келипсиң. Кепти ушундан баштасак окшойт…

— Ооба, Америкага барып "Апамды издегенде" ("В поисках мамы") деген тасмага башкы каармандын образын жаратып келдим. Буюрса февраль айында көрүүчүлөргө тартууланып калат. Мурда комедия жанрында көбүрөөк тартылчумун. Бул тасмада драма басымдуулук кылды десем болот. Мен апасын издеген балдар үйүнөн чыккан баланын образын ойнодум. Апамды издеп Америкага чейин барам.

— Буга чейин да бир топ тасмаларга тартылып жүргөнүңдү билебиз. Сыр болбосо сага канча гонорар төлөп беришет?

— Алгач киного 7-классымда тартылгам, ал жактан эпизодго гана катышып, 500 сом алып абдан сүйүнгөм. Аны дароо үйгө алып барып апама берсем, толкунданып, ыйлап жиберген. 

— Эми чоң ролдорду да жаратып баштапсың, көбөйсө керек?
— Ооба, иштеген акыңды капа кылбай эле төлөшөт. Бул жолку башкы каармандын образын жаратканым үчүн 1000 доллар гонорар алдым. Эң көп тапкан акчам ушул болду. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тамашоу" лигасынан баштаган кичинекей актер Азамат Уланов: "Апамды издегенде" башкы каармандын образын жаратканым үчүн 1000 доллар гонорар алдым. Эң көп тапкан акчам ушул болду
Молодой актер, кавээнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
"Тамашоу" лигасынан баштаган кичинекей актер Азамат Уланов: "Апамды издегенде" башкы каармандын образын жаратканым үчүн 1000 доллар гонорар алдым. Эң көп тапкан акчам ушул болду

— Алган гонорарыңды эмнеге коротосуң?
— Ата-энеме алып барып берем. Аз акча болсо да алардын жүрөгүн жылытат. 

— Сени кыргызстандыктардын көбү таанып калды окшойт. Атактуулукка кантип жеттиң?
— Башында мектептин КВНдерине катышып жүрүп, ошол жактан "Тамашоуга" катышып жүргөн байкелер байкап, чакырып калышты. Ошону менен "Тамашоу" лигасында ойноп калдым. Ал жактан мени байкагандар тасмага, клипке тартылууну сунушташып, ошону менен актер болуп кеттим. 

— Кинолорго тартылып, КВНге катышып, анан сабак окуганга кантип жетишесиң?
— Жакшы эле жетишем, сабактарымдын баары "5" деген баа. Мындан сырткары, спорт менен машыгып футболго барам. Баары эле "кантип жетишесиң" деп сурай беришет, бирок каалооң болсо баарына үлгүрсөң болот.

— Мектептин да жылдызы болсоң керек?
— Антип деле ойлобойм. 

— Кыздар тийишпейби?
— Мектептен тийишпейт, Instagram баракчама жазып калышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Уланов: келечекте банкир болгум келет, бирок ага чейин окуумду аяктаганда тамадалык кызматты да аркаласамбы деп турам
Молодой актер, кавээнщик Азамат Уланов - Sputnik Кыргызстан
Азамат Уланов: келечекте банкир болгум келет, бирок ага чейин окуумду аяктаганда тамадалык кызматты да аркаласамбы деп турам

— Алдыдагы пландарың жөнүндө айта кетсең, келечекте ким болгуң келет?
— Келечекте банкир болгум келет, бирок ага чейин окуумду аяктаганда тамадалык кызматты да аркаласамбы деп турам. Анткени азыр бизде тамадалардын саны көп, бирок сапаттуу эмес. Мен абдан мыкты тамада болгум келет. 

— Азыркы тамадалар жакпайбы?
— Баары жагат деп айта албайм, арасында мыктылары деле бар. Күндө окшош программа менен той алып барбай, айына бир-эки жолу өзгөчө программа менен алып барган тамадалардай болууну самайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0