БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" телешоусунун жарым финалына өттү. Бул тууралуу аталган шоу уюштурулуп жаткан Россиянын Биринчи каналынын расмий сайты кабарлады.
Октябрь айында "Поединок" аттуу турда атаандашына утулуп калган. Анткен менен Дима Билан ортого түшүп, Кайратты кийинки турга өткөргөн эле.
"Мен азыр абдан таңгалып турам! Башкача болот деп ойлогон элем!", — деди ал кубанычыны жашыра албай, толкунданып, көзүнө жаш айланган ырчы.
Ал насаатчысы Дима Биландын мындай жогорку бааны күтпөгөндүгүн, жеңиштин салмагын атаандашы Олег Сидоровго оодарбагандыгына ыраазычылыгын айтты.
Примбердиев бул сапар "Я спросил у ясеня" деп аталган ырды сахнага алып чыкты. Дмитрий Нагиев аны бак-дарактар менен сүйлөшкөн жакшынакай жана муңайым кыргыз деп атады. Ырчыга көрүүчүлөр менен кошо Дмитрий Билан да добушун берди.
"Голос" телешоусу ыр сынактарынан айырмаланып турган долбоор. Ал ырчыны көрбөй угуу, күч сынашуу, нокаут, чейрек финал, жарым финал жана финал сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Финалга чыккан катышуучулар буга чейин тандап алган насаатчылары менен дуэт ырдашат. Долбоорго бул жолу Леонид Агутин, Дима Билан, Полина Гагарина жана Григорий Лепс калыстык кылууда.