09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Гитара. Архив

Белгилүү ырчы Таалай Бектурганов тууралуу тасма тартылат

© flickr.com/ antony griffiths
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
146 0 0

Тартуу иштери жакынкы күндөрү башталып, жарым жылдан кийин даяр болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Белгилүү обончу, ырчы Таалай Бектургановдын өмүр жолун чагылдырган тасма тартылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын режиссеру Ырыс Окенова билдирди. 

Анын айтымында, тартуу иштери жакынкы күндөрү башталып, жарым жылдан кийин даяр болот. 

"Учурда сценарийин жазып соңуна чыгып калдык. Башкы ролду ким аткарары азырынча белгисиз. Өң-келбет жагынан окшош адамдарды издеп жатабыз. Ал ырчы эле эмес, мыкты спортчу да болгон экен. Анын чыгармачылыгынан сырткары жеке жашоосу, бала чагы жана сүйүүсү туурасында чагылдырууга аракет кылабыз", — деди Окенова.

Ал тасма тартууну ырчынын дос, туугандары демилгелегиндигин кошумчалады. 

Ал эми материалдык жактан Таалай Бектургановдын жакын досу Кадырбек Мырзабаев каржылайт. 

Таалай Бектурганов "Эмне мынча сүйөм сени", "Назира" аттуу ырлары менен элге таанылган. Өкүнүчтүүсү кырчындай 27 жаш курагында Орусияда эмгектенип жүрүп, киши колду болгон.

Тема боюнча

Шварценеггер менен Жеки Чан "Вий-2" тасмасына тартылмай болушту
"Алымбек датка" тасмасы тартыла турган сценарий бекиди
Белгилер:
ырчы, кино тасма, Таалай Бектурганов

ЭҢ МААНИЛҮҮ