Элмирбек Иманалиев: ат тезегин кургатпай концерт бергендерден эмесмин

© Фото / из личного архива Элмирбека ИманалиеваИнтервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым
Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акындык, төкмөлүк өнөр тубаса көрөңгөдөн берилип, угуту бар кишини жөн жаткырбайт деп айтылат. Кыргыздын төкмөлүк өнөрүн улагандардан куру эмеспиз.
Акын Элмирбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосунда төгүп ырдап берди

КР Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев менен журналист Гүлдана Талантбекова маек курду. 

— Акындар деле айланага көз чаптырып, сөзүн даярдап төгөт экен. Эгерде дүйнө жүзүндө жымжырттык өкүм сүрсө акындардын айта турчу, ортого сала турчу ою эмне болот?

— Ошондой болсо жымжырттыктын эң биринчи каарманы болуп акын дагы сүңгүп жок болот эле. Бирок кудай өзү сактасын.

— Эгерде тынчтык маанисинде айтылсачы?

— Тынчтык — эл арасындагы таттуу ынтымак мамиле, бейпилдик, мындайча айтканда уруш талашы жок жашоо. Андайда тема көбөйөт, жан дүйнөнүн башка маселеси өзүнөн өзү ойгонуп, жаратылышты жана адамзатка берилген эң бир сонун байлыктар козголуп ошонун бардыгы ыр болуп төгүлүп турат.

— Негизи айтышта "интрига" ортого салынбаса тузу жок тамактай туюлгансыйт? Сиздерге да ошондой сезилеби?

Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалап калам
— Ал нерсени биз жумшартылган формада колдонобуз. Бул өнөктүк атаандаштык, өнөрдөгү үзөңгү кагыш, ат салыш деген нерселер менен айтабыз. Туура, бул нерсе болуп турат. Анткени айтыш конкурс эмес. Бул эки акындын улуу баарлашуусу. Сөз жоосу кээде аары оойт, же бери оойт. Калк үчүн, коом үчүн керек нерселерди чыгып алып талкуулашат. Бирок кээде акын төмөн чабыттап кетсе өнөрдү өстүрбөй, тескерисинче муунтуп жок кылат.

— Азыр айтыштарга чыгаарда сизге биринчи кандай ойлор кетет. Элге чыгып өзүңүздү көрсөтүүбү же баш байгени багындыруубу?

— Жан дүйнөмдөгү нерсени ачык сүйлөшкөндү жактырам. Чындыгында бардыгы болуп көргөн. Анткени айтыш айдыңына эрте чыктым. Башкача айтканда республикалык акындар айтышында он беш жашымда биринчи ирээт баш байге алганга жетишкем. Ал жактагы айтыштарда жүргөндөн бери сиз айткандай өзүмдү көрсөтүү үчүн айтышкан айтыштар болду. Ошол эле учурда "оо жакшы, байгеси бар экен ушуну мен утуп алсам экен" деген кызыкчылык менен болду. Бирок көз караштын өсүшүндө өнөрдү улам түшүнүп отуруп, бул мен аркалап жүргөн өнөрдүн касиети эмне? деп суроо берген кезден баштап айтышка мамилем өзгөрдү. Кийин мени айтыштардын байгеси дагы, оруну дагы кызыктырбай калды. Болгону коомчулуука билдирип ала турган нерсени айтып алдым деп бугум чыгып сүйүнүп кеткен учурлар болду. Кандайдыр бир акыйкатты айтып алдым, элдин көкөйүндөгү көйгөйдү, калк-журт талап кылган бир нерсени айтып алдым деген кызыкчылыктар пайда болду. А соңку кездерде менде ушул өнөр аздектелип бизден кийинки муундарга жакшы жеткизип берсек деп аракеттенип жатам. Азыр шакирттеримдин айтыштары өзүмдүн айтыштарыман да көбүрөөк кызыктырат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев: тынчтык — эл арасындагы таттуу ынтымак мамиле, бейпилдик, мындайча айтканда уруш талашы жок жашоо. Андайда тема көбөйөт, жан дүйнөнүн башка маселеси өзүнөн өзү ойгонуп, жаратылышты жана адамзатка берилген эң бир сонун байлыктар козголуп ошонун бардыгы ыр болуп төгүлүп турат
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
КР Эл артисти, айтылуу ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев: тынчтык — эл арасындагы таттуу ынтымак мамиле, бейпилдик, мындайча айтканда уруш талашы жок жашоо. Андайда тема көбөйөт, жан дүйнөнүн башка маселеси өзүнөн өзү ойгонуп, жаратылышты жана адамзатка берилген эң бир сонун байлыктар козголуп ошонун бардыгы ыр болуп төгүлүп турат

— Намыс деген нерсе сиз үчүн кайсы учурда маанилүү болуп келген?

— Айтыш өнөрү 1992-жылдары башталып, анда кандайдыр бир калкыбыздын көз карашы ар кыл эле. Союз мезгилинде ыр-кеселер район, облус аралык жарыштар болуп келген. Ошондо ар ким өзүнүн коллективин, келген жериндеги күчтүү маданиятын көргөзгүсү келчү. Ошондо өзүмдү Токтогулдун акыны катары сезгим келчү, бара-бара башка чоң деңгээлге өттүм. Кийин регион аралык атаандаштык кандайдыр бир саясатка аралашып кетип, элдин бөлүнүүсүнө алып келе баштаганын сезгенден тарта, биз казак-кыргыз ортосунда айтышта гана "кой биз өзүбүздүн кыргыз акындарынын намысын бербейли" деген атаандаштык болду. Азыр бул дагы жоголуп баратат десем болот. Себеби казак-кыргыздын биримдигин, эгиз эл экендигин, түбү бирге канатташ мамлекет экенибизди чыңдоо үчүн дагы айтышып калдык. 

— Казак менен кыргыздын ортосунда такыр эле атаандаштык жок десек бир аз туура эмесирээк болуп калат го дейм?

Селкинчек ойноп жаткан жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Саринжи-Бөкөй" жөнүндө 7 факты. Нике, үй-бүлө биринчи орунга чыккан чыгарма
— Албетте. "Биздин эл жакшы, силердики эки тарап болуп келген. Меники бай, сеники жарды. Силерде ызы-чуу, бизде тынчтык" дешет казак туугандар. Биздин акындар болсо "тарыхыбыз улуу, казак калкы бизден бөлүнүп чыккан" деп айтып жиберип жатат. Жалпылап айтканда бул деле туура эмес. Чындыгында биз бири-бирибизге кол сунушкан, жакшылыкты бөлүшкөн, кайгыны азайткан, кубанычты көбөйткөн элбиз да. 

— Агай эмне үчүн дүйнө жүзүндө ушул эки элге эле төкмөчүлүк өнөр берилген? Анан дагы бул жалганда казак менен кыргыздан башка уй эле өксүгүн өкүрүк менен чыгарат экен? Эмнеге?

— Бул адамды түркүн-түстүү философиялык ойго түртөт экен. Маселен казак-кыргызда уй боор деген сөз бар. Себеби уй дагы качанкы бир малдын каны тамган жерди да жыттап алып өкүрө берет. Ошол эле учурда боорукерликтин белгиси катары бул макал айтылат окшойт. "Ааламда канча жерлер бар, талаасындай казактын тегиз боло албастыр. Ааламда канча эл бар, казактар менен кыргыздай эгиз боло албастыр" деген айтыш саптары бекер айтылбаса керек. Чындыгында эле бул эки калктын маданияты, сүйлөгөн сөзү, керек болсо макал-лакаптарынан бери окшойт. Дүйнөдө окшош эл арбын, бирок баары эле казак менен кыргыздай эмес. 

— Акындык өнөр тубаса көрөңгөдөн берилет деп айтышат. Башка улуттун өкүлү жаттап алып сабаалап төкмөлөсө таң калуучулук болбойбу?

— Таң калуу болбош керек. Себеби бизде башка элден түрк туугандарда төкмөчүлүк өнөр кездешет. Алар озон дешет. Ошол озондор кайсы бир деңгээлде жаттап, күн мурун даярданып, башка бир формаларын таап алып айтышат. Жадакалса буларда ким узакка эриндер тийишип кетпеген сөз менен ыр айта алат деген максатта ийне коюп коюшат. Маселен "Б" тамгасы болсо эринди саят. Ошол нерсе менен ырдалган жанр аларда болсо, бизде жок. Өзбекстанда коңурат урууларында дагы бахшылар деген бар. Алар турган жерден айтыш курушат. Бирок казак-кыргыздыкындай өркүндөгөн эмес. 

— Бир жылдары Ысык-Көлдө өткөрүлгөн акындар сынагында чоң акын Жеңишбек Жумакадыр экөөңүздөр тең чыгып калып, улуусу катары баш байге ал кишиге буюрган. Мындай көрүнүш акындардын жазылбаган мыйзамыбы?

Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
Дарика Жалгасынова: атам апамдын кайниси болгон, экөө унутулгус сүйүүнү баштан кечириптир
— Бул биздин байыркы бабалардан келе жаткан жол. Улуунун жолу баари бир жогору турат. Маселен үйгө киргенде деле кыргыз өзүнөн-өзү улуусун өйдө өткөрүп баштайт. Ал жерде сенин ээлеген кызматың, аткарган жумушуң, башка бийик даражаларың эсепке алынбайт. Айрыкча боз үйгө кирип калсаң аял киши чырдан тарабына бөлүнүп, эркектер төрдөн караганда оң тарабына өтүп жайгаша башташат. Бул канга сиңген нерсе. Экинчиден "Айтыш" коомдук фонду өткөргөн айтыштарда кийинчерээк жобого киргизип салганбыз. Анткени көп талаш-тартыштар болуп жүрдү. Упайды калыстар тең чыгарып калат, андайда кайрадан айтыш кылып отурганда убакыт кетет, кыйынчылык жаратат дегендей. Ал эми азыр тең чыкса жөн гана автоматтык түрдө улуусуна өткөрүп куттуктай бересиң. 

— Дагы кандай негизги жоболор киргизилген?

— Чоң жоболордон кийинчерээк эл аралык айтышты кош байге кылып өткөрүп жүрөбүз. Ар бир байгеге экиден орун болот. Маселен казактардан сегиз акын келсе, бизден да сегиз акын чыгып, он алты өнөрпоз болуп алып айтышып жүрөбүз. Бул үлгүбүз, жобобуз казак акындарына абдан жага баштады. Бирок алардын уюштуруучулары мындай кош байгелүү айтыш уюштура элек. Биз төртүнчүсүн өткөрүп жибердик. Азыр ошол эле акындар бизди кыргыздын айкөлдүгү сонун деп айтып жатышат. Себеби алар өздөрү уюштурган айтышта кыргыздарга алдыргысы келбесе, биз уюштурганда казактарга алдырып жибергибиз келбейт. Баари бир ичте сиз жогоруда козгоп кеткен намыс маселеси ойгонуп кетет окшойт. 

— Элмирбек агай, сизге берилген улуу өнөрдүн башаты тууралуу уккум келет?

Манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аян болбой, баян болбойт. Манасчы Дөөлөт Сыдыковду Айкөл ааламына аралаштырган өң-түш
— Аккан арыктан суу агат деген кыргыздын улуу сөзү бар. залкар акын Токтогулдун өнөрдөгү өнөктөшү Эшмамбеттин түздөн-түз чөбөрөсүмүн. Экинчиден өнөргө абдан эрте аралаштым. Жетинчи классты аяктап эле борбордон окуумду улантып, ошол эле кезде музыкалык билим алып, айтыштарга катышып келдим. Устатым Кыргызстандын Эл артисти, залкар акын, ыраматылык Тууганбай Абдиев болгон. Башаты ошол кишиден болду. Албетте чыгармачылыкка аралашып не бир шумдук чөйрөлөрдү көрдүм. Бала дебей көп нерселерди сүйлөп берип отурушчу экен. Улуу инсандарды тирүүсүндө көрүп калганыма сүйүнөм. Түгөлбай Сыдыкбеков, Шүкүрбек Бейшеналиев, Төлөгөн Касымбеков аксакалдардын бала күнүмөн тарта жанында жүрүп сөздөрүн, насаатын угуп чоңойдум. 

— Ырчы, обончу катары дагы чыгармачылык жолуңузду айта кетсеңиз?

— 1990-жылдардын баш ченинде эстрада өркүндөп, калың массанын табитине айланып баратты. Айрыкча жаштар арасында. Ал нерсе бизди дагы кызыктырбай койгон жок. Дал ошол мезгилде обон жаратып, элге таанылып баштадым. Ошол мезгилде азгырылдым десем туура болот. Анын үстүндө айтыш деле сейрек өткөрүлчү. Бирок эң кызыгы ачык эле айтайынчы ырдаган колуман келбей койду. Анткени өзүмдүн эле ырымды үч жолу ырдасам, үч башка боёкто ырдалып кетчү. Анан кой, колуман келген ишти кылайын дедим. Бирок обончу катары да чыгып калышыма ошол мезгилдер түрткү болду. Обондорум сөзү менен бирдей эргүүдө чыкчу. Азыр ырдалып жүргөн "Булбулум" ырынын биринчи тексти жазылып, анан Сыймык Бейшекеевге "обон чыгарып көрчү" десем, ал "жаңылмачтай экен, чыкпай атат" деп кайра көтөрүп келди. Болуптур деп бир күнү кокустан май айларында булбул сайрап жатканда эргүү келип кетип балдарга ырдап бердим. Бардыгына жакты, ошентип бир канча ырларга обон жаратып келе жатам. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлмирбек Иманалиев: айтыш конкурс эмес. Бул эки акындын улуу баарлашуусу.
Народный артист Кыргызстана, акын Элмирбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Элмирбек Иманалиев: айтыш конкурс эмес. Бул эки акындын улуу баарлашуусу.

— Дүйнөдөн белгилүү адамдар өткөндө да жоктоп жүрөсүздөр. Аялдарда кошок болуп саналса, эркектерде жоктоо деп айтылат. Бирок түпкүлүгү бирдей эле сезилет?

— Илгери он тогузунчу кылымдын баш ченинде Жумгалда Айтыке деген чоң акын жашап өткөн. Анын көптөгөн шакирттеринин бири кадимки Чоңду болгон. Ошол Айтыке өлгөндө Чоңдунун жоктогону, Жеңижок кайтыш болгондо Токтогулдун жоктогону тарыхта болуп келген. Бирок кайсы бир убакытка чейин такыр жок болуп, кайра аны тирилтүү менден башталды окшойт. Айрым аксакалдардан угушумча "эркектер жоктойт, аялдар ага кошкон" дейт. 

Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: өмүрүмдүн 25 жылы дөңгөлөк үстүндө өттү
Соңкулары болуп Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айматов дүйнөдөн өткөндө жоктоону айттым. Кээде "акындар силер белгилүү гана адамдарды жоктойсуңар, карапайым калктын кайгысын тең бөлүшүп, жоктоп койбойсуңарбы" дегендер болот. Албетте аларды дагы четке кагуу туура эмес деп ойлойм. Ал жоктоодо адамдын кылган иштери, асыл эмгектери сөз менен эскерилет. Анан бардыгында эле Чыңгыз Айтматовду жоктогондой жоктоо чыга бербейт. 

— Баса, кудаңыз кут болсун. Дүйнө элин спорт менен музыка табыштырса, кыргыздарды той табыштырат деп чын-тамашасы менен айтып калышат эмеспи?

— Рахмат. Кызыбыз бактылуу болсун. Көпчүлүктү кызыктырганы эки башка жашаган үй-бүлөнүн ортосундагы кыз-узатуу кандай болду деши мүмкүн. Балаңдын жакшылыгында канча бөлүнгөн адам болсо дагы, жакшылыгында биригип өткөрүү, узатуу, жакшы маанайда болуусу шарт экен. Сиз айткандай бизде Эшенкул Барпиевдин "Кыргыз калкы кээде бир ушундай бөлүнүп-жарылып топ-топко бөлүнүп, а түгүл шайлоо учурунда бир үй-бүлө экиге бөлүнүп кеткен мезгилдер бар. Ушундай заманда кыргызды той эле бириктирип кармап турат" деп тамашалап калчу. Буюрса бардыгы жакшы. 

— Алдыдагы пландарыңыз тууралуу да бөлүшө кетсеңиз?

Сахнадагы манасчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт
— Учурда түнү уйкумду, күндүзү тынчымды алган нерсе бул чыгармачылык толгонуу болуп жатат. Себеп дегенде 6-7-декабрда Филармонияда жаңы программадагы, өзгөчө маанайда "Мен тандаган жол" аттуу отчёттук концертимди элге тартуулаганы турам. Концертти режиссер Алтынбек Максүтов коёт. Өзүм концертти ат тезегин кургатпай бергендерден эмесмин. Бул менин чыгармачлыктагы үчүнчү эле концертим болот. Буюрса жеке концертимде менин гана чыгармачылыгым, эч кимге бербей катып жүргөн обондорум ырдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0