Бийчи Атай: ушунча жыл сахнада жүрөм, бирок, мен таланттуу эмес экенмин

© Sputnik / Жоомарт УраимовИзвестный танцор Атай Омурзаков
Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын сыймыктуу уулу, бийчи жана продюсер Атай Өмүрзаков дүйнөнү түрө кыдырып, эл аралык ондогон сынактарда Кыргызстандын желегин желбиретип келет.

Бийчи жигит журналист Гүлдана Талантбековага "Тумар КР" тобу менен иштешпей калган себебин, эмне үчүн чыгармачылыктын башка түрүнө ыктап жатканын, алдыдагы ири пландары жана албетте качан сүйүктүүсүнө баш кошоорун айтып берди.

Биз Атай менен ал Словакияга жуп учуп кетер алдында, жолугуп кепке тарттык.

Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Атай Өмүрзаковдун 10 ийгилиги
— Атай бий менен бошобой жүрөм деп көп убакыттан бери келе албай жүрдүңүз. Эми кайрадан чет жакка эл аралык сынактын финалына катышуу үчүн жөнөп жатыпсыңар. Даярдыктар кандай?
— 24-ноябрда "Адем" тобу менен Словакиянын Братислава шаарына "Чехия жана Словакия таланттарды издейт—2016" долбоорунун финалына барганы жатабыз. Чындыгында даярдыктар менен жүрүп башка иштерге убакыт тар. Даярдыктар катуу, Кудай буюрса, чоң мүмкүнчүлүктөр бар деп ойлойм.

— Ал жактан өзүңүз дагы бийлейсизби?
— Топтун колдоочусу, жетекчиси катары барам. Сөзсүз барганга туура келип калды. Анткени сахнадагы реквизиттердин баарын өзүм түзөм, формаларын караштырам, майда-чүйдө иштерине чейин менин мойнума жүктөлгөн. 

— Үйүңүз Караколдо болсо, борбордо батирде турасыздарбы?
— "Адем" тобу, бийге кызыккан дагы башка балдар менен бул жакта жер үйдө турабыз. Ал жакта бийлегенге, музыка жаздырганга ылайыктуу студиялары да бар. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыздын сыймыктуу уулу, бийчи жана продюсер Атай Өмүрзаков: теңсиздикти, кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр, жашоодо жалгыз жашагандар, апалар тууралуу идеяларды бий аркылуу айтып бергенге аракет кылабыз. Бул кинодо деле көрсөтүлөт, бирок бийде башка аурада берилет
Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын сыймыктуу уулу, бийчи жана продюсер Атай Өмүрзаков: теңсиздикти, кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр, жашоодо жалгыз жашагандар, апалар тууралуу идеяларды бий аркылуу айтып бергенге аракет кылабыз. Бул кинодо деле көрсөтүлөт, бирок бийде башка аурада берилет

— Өзүңүз түптөгөн "Тумар КР" тобу менен эмне себептен иштешпей калдыңыздар эле? 
— Балдар өзүнчө иштеп көрүүнү каалашты, мен мүмкүнчүлүк бердим. Ортодо пикир келишпестиктер болгон жок. Баарыбыз тең дос мамиледебиз. 

— Эгерде "Адем" менен "Тумар КР" тобу бир сынакта атаандаш болуп калса кандай болот?
— Ким жакшы даярданса жеңиш ошонуку болот. Ал үчүн урушуп-талашуу арзыбаган иш. Биз кичинекей кезибизден бери доспуз. Андыктан сынак үчүн достук мамилени бузбайбыз деп ойлойм. 

— Жакын арада эле "3D шоу" долбоорун каражаттын жоктугунан улам жабылганын билебиз. Демөөрчү табылып калса кайрадан улантайын деген оюңуз барбы? 
— Инвестор табылбагандыктан токтотуп койгонубуз менен мурунку кылган ишибизди улантып жатабыз. Негизи "3D шоу" долбоорун ишке ашырсак биз үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жаңы деңгээлге чыкмакпыз. Мен аны ачканда ачканда бир жыл бою демөөрчү издегем. Бирок жакшы жыйынтык болгон жок. Жардам берем дегендер өздөрү эле чыгып калбаса, азыр издебей калдым. 

— Ар бир бийлеп чыккан бийиңер өзгөчө. Идеяларды кайдан аласыңар?
— Жашоодон алынган философиялык ойлор. Кээде кино тасмадан жакшы идеяны көрүп калсак бий менен кантип көрсөтсөк деп ойлонуп алабыз. Көбүнчөсү жашоодон алынат. Маселен теңсиздикти, кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр, жашоодо жалгыз жашагандар, апалар тууралуу идеяларды бий аркылуу айтып бергенге аракет кылабыз. Бул кинодо деле көрсөтүлөт, бирок бийде башка аурада берилет. 

— Бир жылдары бийди таштайм деп айтып, бирок кайрадан уланттыңыз эле? Ал сөздүн айтылышына, кайрадан бийлешиңизге эмне түрткү болду?
— Мен токтотпой эле акырындан бийди таштайын деген максат койгом. Ал сөз күчүндө. Кыргызстанда бийлебей калганым да ошондон. бардык долбоорлорду, бийлерди окуучуларыма аз-аздан, акырындап өткөрүп жатам. Ал бир күндүк иш эмес. Бирок бир-эки жылдын ичинде бийди аягына чыгарам деген оюм бар. Андан ары башка пландар менен кетем. Ишкерлик жаатында, маданияттын башка тармагында алектенгенге аракет жасайм. Азыр музыка жазып, фотограф болуп акырындан жаңы тармактарга өтүп жатам. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАтай Өмүрзаков: буюрса, төрт-беш жылдан кийин өзүм чоң ди-джейлерге окшоп музыка жазып калсам деген кыял, максатым бар
Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Атай Өмүрзаков: буюрса, төрт-беш жылдан кийин өзүм чоң ди-джейлерге окшоп музыка жазып калсам деген кыял, максатым бар

— Музыканы кандай максатта тандап алдыңыз?
— Азырынча үйрөнүп жатам десем болот. Буюрса, төрт-беш жылдан кийин өзүм чоң ди-джейлерге окшоп музыка жазып калсам деген кыял, максатым бар. 

— "Адам жасаган эмгегин айтуудан тажабайт" деп коет эмеспи. Атай, бизди бий дүйнөсүнө аралашып каалууңузга эмне түрткү болгону кызыктырып турат?
— Бала кезимен баштап спортко жакын өстүм. Таэквандо, каратэ, атлетика, баскетбол, футбол, бокс, күрөшкө катышып, сынактардан байге алып жүрдүм. Апам менден колдоосун аяган жок. Эгерде бир жерден "жок, болбойт" деп койсо шагым сынып калмак. Апам дайыма "өзүңө ишенишиң керек" деп айтчу. Андан кийин скульптура менен алектене баштап, республикалык деңгээлдеги сынактардан жеңиштерге жеттим. Он беш жашымда жүрөк оорума байланыштуу спортко катыша албай калдым. Бирок үйдө жөн отура алган жокмун. Күзгүнүн астында акырындан бийлей бердим. Шаарда таланттуулар арасында фестиваль өткөрүлүп, анда сахнага чыгып бийледим. Мага сахна ошондо эле жаккан. Анан бий боюнча алдыга бийик максаттарды коюп Бишкекке, Москвага, Украинага кеттим. Ошентип отуруп ийгилигим биринин аркасынан бири уланып кетти. Алгачкы түрткү берген — апамдын ишеними болду. Үйдөгү күзгү кичинекей болгондуктан бийлеп жатканда бетимди эле толук көрчүмүн. Бирок мен бетимди эмес, ал жактан өзүмдүн максатымды көрчүмүн. Кыялымда чоң сахнага чыксам, астымда чоң камералар, калың элдин алдында бийлеп жатканым, элдин уу-дуу түшүп талантымды көргөнүн элестетчүмүн. Кийин Чехиянын сахнасында ошол нерсенин баарын көрө алдым. Ошондо ар бир ой ишке ашаарын түшүнгөм. 

— Спорттун бир нече түрү менен машыккам деп калдыңыз. Анын бийге пайдасын тийгизе алдыңызбы?
— Ден бой жактан жакшы эле жардам берди. Анткени бийде жатып, кайра туруу бутка көп күч келтирет. Денедеги ар бир булчуңду ойготуу үчүн да маанилүү. Негизи спорттон кийин бийге өткөнүм өтө жакшы болду. Бирок мен окуучуларыма караганда азыркы деңгээлге чыгыш үчүн бий менен көп убакыт алектендим. Анткени мен беш жылда чогулткандарымды, балдар бир, жарым жылда өздөштүрүп кетишти. 

— Анткени сизде устат болгон эмес да. Ошонун себебинен кеч үйрөнсөңүз керек?
— Ооба, менде устат болгон эмес. Бирок азыр мен окуучуларымды нөлдөн баштап албайм. Таланттуу балдарды сынактардан көрүп калабыз же бийге кызыгып бийлеп жүргөндөр видеосун жиберишет. Алардыкы чыныгы талант, меники аракет десе болот.

Выступивший на телешоу Танцы на канале ТНТ кыргызстанский танцор Темирлан Назарбеков - Sputnik Кыргызстан
Комуз күүсүнө чимирилген Темирлан: бийлегениме үйдөгүлөр каршы чыккан
— Сиз ошондо таланттуу эмесмин деп айтканы жатасызбы?
— Ачыгын айтканда менде бий жактан талант жок. Кичинекей кезимде бийди аябай жаман көрчүмүн. Мектептен бий ийримдерине барганда эң эле бийлей албаган адам мен болчумун. Эч жерим окшошчу эмес. Шыгым деле жок болчу, аракет кылып жатып ушул деңгээлге жетип алдым. Башкача кантип түшүндүрөм. Балдарым шыпылдап жарым жылда жетип жатса, мен беш жылда жеттим. 

— Баарын таштап туруп, басып кетпеген чыдамкай адам экенсиз… 
— Бул жерде ишеним эле маанилүү. Ар дайым өзүмө "чоң деңгээлге жетесиң, таштабы" дечүмүн. Ушул сапатты мага апам берди. Өзүндө ушундай сапат жашайт. Анткени биз төрөлгөн убакта кыйынчылыктар көп болуп, балдарымды чоң деңгээлге жеткирем деген ой менен иш кылчу. 

— Атаңыз тууралуу көп айта бербейсиз? 
— Ал мен кичинекей чакта эле жок болчу. Көргөн эмесмин. Апам байкем экөөбүздү жалгыз тарбиялаган. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАтай Өмүрзаков: ар дайым өзүмө "чоң деңгээлге жетесиң, таштабы" дечүмүн. Ушул сапатты мага апам берди. Өзүндө ушундай сапат жашайт. Анткени биз төрөлгөн убакта кыйынчылыктар көп болуп, балдарымды чоң деңгээлге жеткирем деген ой менен иш кылчу
Известный танцор Атай Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Атай Өмүрзаков: ар дайым өзүмө "чоң деңгээлге жетесиң, таштабы" дечүмүн. Ушул сапатты мага апам берди. Өзүндө ушундай сапат жашайт. Анткени биз төрөлгөн убакта кыйынчылыктар көп болуп, балдарымды чоң деңгээлге жеткирем деген ой менен иш кылчу

— Социалдык тармактардан жүрөгү бош эмес деген статустарды көрүп калам. Жеке жашоо сизде качан куралышы мүмкүн?
— Ал сыр боюнча эле калсын. Бирок 35 жашымда үйлөнсөмбү деген оюм бар. 

— Кеч эмеспи?
— Мен Чехияда жашап жүргөн убакта жашоого болгон көз карашым, ойлорум толугу менен өзгөрүлдү. Ошол убактан бери жеке жашоону бир аз жылдыра турууну чечтим, карыган убагымды да жылдырдым. Орто курагымды да элүү, алтымыш жашка туураладым. Анткени бизде орто жашты 35-40 деп эсептейт, ал жакта 50-60 жаш. Ошондуктан алар көбүрөөк жашашса керек. Учурда жыйырма алты жашта болсом дагы өзүмдү 17-18 жаштагыдай сезем. Отуз беш жашымда өзүмдү чоңойдум деп эсептеп, үйлөнсөмбү дейм. 

 

— Социалдык тармактардын биринен тойдо сизди туурап бийлеген улуу муундагы эже менен байкенин видеосун жүктөп калдыңыз. Мындай видеолорду күйөрмандарыңыз өздөрү эле жөнөтүп турса керек?
— Жок ал видеону өзүм интернеттен көрүп калып, жүктөп койгом. Бирок ал жакка өзүнүн сын-пикирин калтырып кеткен айрым адамдар жаккан жок. Алар комментарийге "ай, бул нерсе уят, бизге болбойт, биздин заман ушундай болуп калдыбы, улуу муундар тим эле коюшпайбы" деп жазышыптыр. Эми той болуп жатса, анан партада отургансып койкойбой ошентип көңүлдүү отурганы туура деп ойлойм. Болбосо анын эмнеси той? Ал жакта Атайды ким жакшы туураса, белек берилет деген сынак болсо керек. Ар бирине жооп бергим келди, бирок ар кимдин өз ою эмеспи деп үн каткан жокмун. 

КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Эл аралык сыйлыктардын лауреаты Асел Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Прима-балерина Айдарова: көпөлөктөй болуп эле жыргап бийлеп жүрөт деп ойлошот
— Алдыда кандай пландарыңыз бар. Словакиядагы сынактан кийин сиздерди дагы кандай конкурстар күтүп турат?
— Буюрса, пландар абдан көп. Бул сынактан кийин Кувейт, Пакистан, Мосвка, Кытай анан ушинтип эле уланып кете берет. Бардыгы эле сынак эмес. Айрым жерлерге чоң программадагы концертке катышууга же колдоо катары барып келебиз. Планыбыздагы ири долбоорлордон Америкадагы бий сынагы калды. Ал жакка көп жылдан бери аракет кылып жүрөбүз. Ошол конкурсту багындыргандан кийин сынактарды токтотобуз деген ой бар. Акырындан бийди таштап бардыгын балдарга калтырып кетем. Мурункудай көп чыкпай калдым. Бул менин акырындык менен бийден кетип жатканымдын белгиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0