Театр жана кинодо роль жаратып, көптөгөн тасма менен мультфильмдерде үн коштогон Жолдошбек Жанжигит уулу менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.
— Жолдошбек мырза, үн коштоо чеберчилигиңизден мурун мени алгач чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашып калганыңыз кызыктырып турат?
— 1997-жылы Чоң-Кеминдеги мектепти бүтүргөндөн кийин Москвага окууга тапшыргам. Хүрремдин үнүн коштогон актриса Кыял Төрөгулова экөөбүз окуу жайда чогуу окуганбыз. Ошол жактан дүйнө таанымыбыз кеңейип окууну теория дагы, практика жүзүндө да мыкты өздөштүрдүк. Окууну бүткөндөн кийин туңгуч президентибиздин буйругу боюнча КТРдин базасында жыйырма бала "Учур" театрын түзгөнбүз. Он жылдай телетеатр болуп иштедик, андан кийин ал жоюлуп, маданияттын тармагына кошулуп театр эле болуп калды. Түзүлгөндөн баштап алгачкы сериалдарды тартып, спектаклдерди коюп, көркөм окууларына тегиз катыштык. 2005-жылы котормо студиясы түзүлүп миңдеген мультфильмдерди, көркөм тасмаларды, даректүү фильмдерди котордук. Тармактары ар кандай болгону менен ушул күнгө чейин түздөн-түз актер болуп иштеп келе жатам.
— Башка актерлордон үнүңүз менен айырмалансаңыз керек. Мен маселен сизди өз курагыңыздан улуу болсо керек деп ойлоптурмун?
— Көп жерге барганда ушинтип айтышат. Бирок өзүмө көп билине бербейт. "Ой мен сени элүүдөн өткөн киши го десе, балам менен тең турбайсыңбы" дешет чоң эле кишилер. Мага деле кээ бир актерлордун үнү жагат. Буга чейин Чыңгыз хандын, "Гладиатордогу" Максимустун, "Акыркы Самурайда" Том Круздун үнүн коштогом. Андан кийин сиздер билгендей "Даңазалуу доор" сериалында Султан Сулаймандын үнүн коштодум. Негизи көп эле тасмаларда башкы ролдорду коштоптурмун.
— Султан Сулаймандын үнүн кантип коштоп калдыңыз?
— Бул чоң долбоорго мени сунушташканда жогорку жактагылар "кайра-кайра эле башкы ролдорду Жолдошбек окуй береби? Аны токтотуп башка үн табалы" дешиптир. Мен өзүңөр билгиле дегем. Конкурска Дүйшөн Байдөбөтов, ыраматылык Мукамбет Токтобаев, Марат Козукеев сыяктуу чоң актерлор катышыптыр. Алардын арасынан Марат байке калыптыр. Эки-үч жумадан кийин мага чалышты, "Жоки, сен дагы келчи, үн тандай албай жатабыз" деп. Мейли деп үзүндү окуп алып кеткем. Кайра чалып "болбой эле сени бекитишти, куттуктайбыз, келишим түзүп кетиңиз" деп күлүп калышкан. Мен дагы аябай сүйүнүп, жумушум катары кабыл алгам. Мындай чоң долбоор экенин билген эмесмин! Барсам 250дөн ашык серия экен. Анан ошол жакка эле эки жылдык өмүрүм кетпедиби. Мында жүздөгөн кишинин эмгеги бар. Ондон ашык котормочу которду, ондон ашык монтажерлор, режиссер, ассистенттер, шаардагы болгон театрдын актерлорун катыштырдык. Жадакалса аймактык театрдан борборго келгендерди дагы пайдаланып калып жаттык.
— Өкүмдар деп көнүп калган Султан Сулаймандын үнүн кыргыз тилинде жаратуу деле бир топ кыйынчылыктарды жаратса керек?
— Чындыгында башында режиссердон "сеники бир аз Чыңгызхандыкына окшоп жатат" деп сын угуп жаттым. Онунчу сериядан кийин анан образына толук кирдим окшойт. Калп айтканда болобу, тексттерди режиссер бир оңдойт, актерлор окуп жатып бир чийип отуруп коштодук. Түрктөр келип "элүүдөн ашык тилге которулган, бирок кыргыз котормосу алдыңкы үчүнчүгө киресиңер" деп айтып кеткен. Ошол эле казак, орус, өзбек мамлекеттери котормо, үн коштоо жагынан бир топ артта турат экен. Анткени түкүргөндөн жутканга чейинки үндү бердик. Мунун да өзүнчө ырахаты бар. Үн коштоо деле жакшы, бирок мага театрда ары-бери басып спектакль ойногон жагат. Кээде режиссерго алдыгыны окугандан көрө ойногон мага оңой болчу деп айтчумун. Чынында Сулаймандын ролун актер ийине жеткире ойной алган. Мен ал актердон көптөгөн сабактарды ала алдым. Жеке мен эмес, башкалар дагы өзүнүн жакшы жактарын ача алды.
— Кайсыл жерин берүү оорчулук жаратты?
— Ширин сөздөрдү аялыңызга колдонуп көрдүңүзбү анан?
— Жок ай (күлүп). Жүрөктөн чыкпагандан кийин окшошпойт го…
— Студиядан жашып да чыккан учурлар болгондур?
— Баязед өлгөндө мен кошо ыйладым. Сулаймандын энеси өлгөн жеринде студиядан жашып чыксам, режиссер "мен дагы ыйладым" дейт. Бир жагынан бугуң дагы чыгып калат экен. Эркектер ыйлабайт деген мыйзам жок. Эркек жашык болсо, демек, мээримдүү.
— Султан Сулаймандын образын жараткан Халит Эргенчтин ордунда болсоңуз бул ролду аткара алмакмын деп ойлойсузбу?
— Учурда мен кастингден өтүп "Шабдан баатыр" тасмасында Шабдандын ролуна көрсөтүлгөм. Буга чейин деле театрда чоң ролдордо ойноп келгенбиз. Ойной албайм деген болбойт. Бул кесипти тандап окугандан кийин өтөсүнө чыгыш керек. Халит Эргенчти тасмага тартаардан мурун аябай даярдашкан. Өзүнүн деле "көпкө издендим" деген сөзү бар. Роль тандагандан кийин дароо тартып баштабайт. Мындай ролдор миллион актердун бирөөсүнө гана туш келбесе, баары эле Сулайманды ойной бербейт.
— Каарманыңыз менен сыймыктанган учурлар болобу?
— Кийин убакыт өктөндө балдарым сыймыктанышы мүмкүн же карыганда суктанышым мүмкүн. Азыр мага кадыресе жумушумдай эле сезилет. Турмуштук тарбия ала алдым десем жаңылышпайм. Маселен Сулайман өмүрүн үй-бүлөсүнө эмес, элине арнаган. Досу менен дос болуп жүрүп башын алып койгон, душман болуп жүргөн кишисин кайра чоң кызматка алып келген. Ушул жактардан алганда жашоодо биз деле досубузга ошондой мамиле кылабыз. Жаманына жакшы, жакшысына жаман кылабыз дегендей…
— Кайсы сапаттарына баа берип, кайсынысына жиниңиз келди?
— Көп убактан бери өңүңүзгө караганда үнүңүз популярдуу болуп, сиз түшкөн тасмаларды көрбөй келебиз?
— Мен акыркы жылдары спектаклде ойнобой, киного көп түшпөй калгандыктан үнүмдөн жакшы таанышат. Соңку жылдары балдарга актерлук жактан сабак бергенге ооп, жеке чыгармачылыгым калып калгандай сезилет. Былтыртан бери жалаң даректүү фильмдерге түшүп жатам. Жусуп Абдрахмановдун, Султан Ибраимовдун ролун ойноп бердим. Жашың өткөн сайын талабың дагы жогорулап баштайт экен. Жеңил тасмаларга чакырышат, бирок тартылгым деле келбейт. Алгач сценарийин окуп, режиссеруна да маани берем. Ушул жайда "Учур" театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалгам. Ал жактан дагы башка иштер менен алектенип жүрөм. Буюрса, биз жаратчу ролдор али алдыда.