БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Түштүк Кореяда өткөн "Азиана" кыскаметраждуу тасмалардын фестивалында Элнура Осмоналиеванын "Сейде" кинокартинасы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондусунун сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, сынакка катышуу үчүн 121 мамлекеттен 5 миң 327 билдирме келип түшкөн.
"Сынакка 31 мамлекеттен 46 тасма тандалып алынган. Алардын бардыгы Түштүк Кореяда биринчи жолу көрсөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
"Сейде" кыска метраждуу тасмасы 2015-жылы тартылган.
"Сценарий боюнча Сейде тоолуу айылдардын биринде жашайт. Ал өзүнүн жакшы көргөн атын минип балдар менен ат оюндарын ойногонду жакшы көрөт. Бир күнү Сейдеге куда түшүп келишет. Ата-энеси макул болуп, тоюна анын сүйүктүү атын союну чечишет. Кыз турмуш курууга эптеп макул болсо да атын сойдурууга даабайт", — деп айтылат маалыматта.
Тасманын узактыгы 12 мүнөткө созулат. Сценаристи жана режиссеру — Элнура Осмоналиева. Тасма кыргыз тилинде тартылып, орусча субтитр менен коштолот.