Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтилист, дизайнер одежды Замира Молдошева
Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мода дүйнөсүнүн өкүлү тууралуу сөз кылганда анын ийгилик жолу, көгөргөн эмгеги менен жемиши, 15 жыл күттүргөн энелик бактысы ар бир адамдын бүйүрүн кызытат.
Замира Молдошева: Дизайнер деген түшүнүктү эл башкача кабылдап жатат

Шар сүйлөп, оюн бетке айткан белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Улуттук кийим кийген модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
— Айымдар үчүн эртең менен туруп боенуп, кийинүү бир чоң көйгөй эмеспи. Бул жагы сиз үчүн маселе деле эмес болушу керек?

— Жок кайдан (күлүп). Мен үчүн дагы көйгөй. Макияжды салонго барып кыздарыма эле жасаттырып алам. Ушунча жыл колумдан кыл калем, тарак, кайчы түшпөй жүрүп чарчаган окшоймун. Көп жылдардан бери өзүмө өзүм эч нерсе жасагым келбейт. Андан көрө кардар болуп берген көбүрөөк жагат. Азыр кызым да кичинекей, убактым тар. 

— Канча жашыңызда боенуп баштаганыңыз эсиңиздеби?

— Эң биринчи жолу 16 жашымда оозумду кара карандаш менен боегом. Апам "түшүнөм сенин чоңойгонуңду, бирок эмнеге кара карандаш менен боеп жатасың" деп айтчу. Өзүм деле эмне себептен капкара кылып боеп алганымды билчү эмесмин. Эми ойлосом өткөөл куракта башкалардан өзгөчөлөнүүнү каалаган окшойм. 

— Ошол кезде эле бир нерселерди чиймелеп дизайнерликке жакын белеңиз?

— 4-5-класста окуп жатканда мен тарткан сүрөттөр дубалда илинип турчу. Өзүмө алгачкы жолу юбка тиккеним эсимде. Апамдын кол машинесин уурдап алып жанталаша татыратып, калган жерлерин колго тигип алып кийчүм. Үй-бүлөдө 12 бир тууганбыз, үчөө каза болуп калган. Үйдөн экөө эле сүрөткө кызыкпайт, калганыбыз бүт эле тартабыз. Апамдын, чоң энемдин таасири болсо керек. Анткени чийден буюмдарды, кийиздерди, шырдакты буйрутма аркылуу көп жасачубуз. Бирок кесип катары аркалап кеткен мен эле жалгыз болдум. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБелгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева: көп жылдардан бери өзүмө өзүм эч нерсе жасагым келбейт. Андан көрө кардар болуп берген көбүрөөк жагат
Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Белгилүү стилист-дизайнер Замира Молдошева: көп жылдардан бери өзүмө өзүм эч нерсе жасагым келбейт. Андан көрө кардар болуп берген көбүрөөк жагат

— Окууну бүткөндө ошол тармакка тапшырдыңыз да ээ?

— 1989-жылы Душанбедеги Борбордук тигүү окуу жайына өткөм. Бирок ал жерде жарандык согуш башталып калып үйдөгүлөр жибербей коюшкан. Анан 94-училищеге тапшыргам. Эмгек жолумду кийим тигүүдөн баштап, стилистикага кечирээк келдим. 1993-жылдары куртка менен шымдар өзүбүздөн тигилип баштады. Ошондо товарларды дүңүнөн сатып иштеп калдык. Дипломдук ишимди улуттук көйнөк тигүү боюнча жактагам. Күндүр-түндүр отуруп иштечүмүн. Үйдөгүлөр тигүүчү машинени болгон жабдыктары менен кошуп сатып беришкен. Бирок акырында тикмечиликтен да жадап, "көргүм келбейт" деп иштебей койгом. Азыр ойлонуп көрсөм чыгармачыл адам экенмин. Тигүү цехинде чыгармачылык изденүү, сүрөт тартуу, бир нерсени ойлоп табуу деген жок болчу. Анан чач тарачтын окуусун окуп салонго кирип алгам. Кийин кайра кийимге көңүлүм тартылып Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин сүрөтчү-модельер бүлүмүнө тапшырдым. Учурда бардык нерсени жасай алам. Анткен менен 70 пайызга дизайнер экенмин. 

— Чыгармачыл адамдардын стили менен дагы иштешип келесиз. Алардын эмнесине карап иш баштайсыз?

Тамада Вячеслав Мантусов интервью учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кызы Алиянын үлпөт тоюн кыргызча алып барган орус тамаданын сыры
— 2005-жылы жаңыдан стиль менен иштөөгө белсенип баштаганымда кыргыз эстрадасынын жаш мууну дагы чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган эле. Алгачкы кардарларым Урмат Усенов, Темир Назаров, Сема, Съездбек Искеналиев болгон. Алардан кийин Неля, Эрмек Нурбаев менен иштештим. Продюсер Канат Култаев балдарын көп алып келчү. Көптөгөн ырчылар менен иштештим. Эми болсо тандай турган болдум. Себеби кээ бирөөнүн үнү жок, бирок акчасы бар. Алар келип ачык эле "менин үнүм анча эмес, стилим менен таанылгым келет" дешчү. Азыр биринчи музыкаларын угуп көрөм. Айрымдарын "таарынба сен стилиң менен эле чыга алат экенсиң" дейм. Бир адамдын талантын жаратыш үчүн мага дагы эргүү керек. Анткени ырдаган ырына карап образын элестетип, кийген кийимдерин ойлонуштурушум керек да. 

— Стиль жаратууда эки тараптын пикири келишпей калган учурлар кездешсе керек?

— Көбү чачтарын эксперимент кылгандан качышат. Негизи табигый талант болбосо кардиналдуу түрдө өзгөргөнгө туура келет. Эгер сен жылдыз болгуң келсе, бардык нерсеге даяр болушуң керек деп ойлойм. Ар бир ырчынын, ошондой эле ар бир дизайнердин стили бар. Мисалы, Дольче Габбананыкы чоң чынжырчалар, Шервинонуку назиктик, Томболиненики өтө кымбат баалуу материал, ага суу кирбейт, бирок дем алат. Кыргызстанда Дилбар Ашымбаева оймо- чиймелер боюнча, Галина Байко кара-ак болгон өң түшүрөт дегендей. Ырчы деле сахнага эмне максат менен чыгып жатам, мен эмне жаңылык киргизе алам деп ойлонушу керек. Мага Жийдештикиндей образ кылып бериңиз дешкенде, бири-бириңерди туурабагыла, ар бириңердин образыңар эксклюзивдүү болушу керек деп айтам. Бир нерсени моюнга алыш керек. Акыркы 4-5 жылда биздин жылдыздар өздөрүн карап, стилдүү кийинип калышты. Эркек мырзалар дагы бети башына кам көрүп, түздөнүп чыкканды үйрөнүштү. 

— Өзүңүздүн кийинүү стилиңиз туурасында айта кетсеңиз?

— Меники спорттук-классикалык стиль. Зер буюмдардан күмүштү көп тагынам. Чачым шумдук тармал. Аны түздөп жүргөнгө аракет жасайм. 

— Сиз түзүп берген стиль менен таанылган жылдыз кийин сиздин ысымыңызды оозго албай койсо, ортодо таарынычтар болбойбу? 

— Бул нерсеге таарынбаш керек. Кээде "Замира эже арзаныраак кылып бериңиз, мен сиздин атыңызды айтып жүрөм" деп суранышат. Бирок мен бекер жасабайм. Себеби ар бир эмгек төлөнүшү керек деп ойлойм. Айрым учурларда клип тартканы жаткандарга акысыз деле кеңеш берем. Убактым жок болуп калса башка дизайнерлерге жөнөтөм.

— Мунун баары кагаз жүзүндө ишке ашабы?

— Кагаз жүзүндө түзбөйбүз. Себеби мен адамгерчиликти баалайм. Жөн эле сүйлөшүп, акысын макулдашабыз. 

— Сиздин командада азыр канча киши иштейт. Алардын аткарган функциялары кандай?

Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: өмүрүмдүн 25 жылы дөңгөлөк үстүндө өттү
— Азыр командада алты киши иштейт. Мен бардыгына дизайнер деген ким жана коллекция кантип жаралаарын, кимдер иштей турганын түшүндүргүм келет. Дизайнер бул ойлоп тапкыч, фантазиясы күчтүү адам болуш керек. Мен дизайнер катары сүрөт дагы тартып берем. Айрымдар сүрөт тартпай оозеки эле түшүндүрүп беришет. Мен сүрөттөрүн тартып, эскиздерди көтөрүп алып конструкторума барам. Ал кеңешин ортого салып "бул жери узун экен, ырдап бийлегенде тоскоолдук жаратат" деп майда деталдарына чейин сүйлөшүп алабыз. Кандай материал керек экендигин айтса, мен алып берем дагы ал бычып баштайт. Андан ары тигүүчүмө өткөрүп берем. Тигип бүткөндөн кийин моделдерге кийгизип көрүп ишибизди улантабыз. Ошентип коллекцияны дизайнер, конструктор, тигүүчү ишке ашырат. Эмнегедир бизде туура эмес түшүнүк бар экен. Эгерде оймосун бирөөгө жасатсам же кайышты кестирип алсам анын да аты коллекцияга кошулуш керек экен. Жок андай эмес. Мен акчасын төлөп жаткандан кийин алардын эмес дизайнердин аты чыгышы керек. Бул илгертеден бери келе жаткан мода дүйнөсүнүн мыйзамы. 

— Эргүүнү эмнеден аласыз, идеям түгөнүп калат деп коркпойсузбу?

— Эгерде адам өзүнүн кесибин туура тандап алса ой түгөнбөйт. Эргүү кээде ар кайсы жерде жүргөндө келип калат. Анан эстеп калганга аракет кылып чөнтөк телефонума жазып коем. Үйгө барганда окуп алып өзүм деле түшүнбөй калам (күлүп). 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗамира Молдошева: мыкты дизайнерлер эки багытта иштешет. Биринчиси массалык линия болсо, экинчисин "от-кутюр" деп коет. Массалык линияны эл көп киет, ал эми "от-кутюр" чубалжып упузун болгондуктан көчөгө кийип чыкканга болбойт
Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Замира Молдошева: мыкты дизайнерлер эки багытта иштешет. Биринчиси массалык линия болсо, экинчисин "от-кутюр" деп коет. Массалык линияны эл көп киет, ал эми "от-кутюр" чубалжып упузун болгондуктан көчөгө кийип чыкканга болбойт

— Эгерде атактуу бир жылдыз кийимдеримди бренд кылып чыгарат элем, чогуу иштешели десе кимдин аты көбүрөөк жазылышы керек?

— Дизайнер катары чогуу иштешип коллекция чыгарайын десе ал жерде менин атым болбошу керек. Себеби мен аны кардар катары кабыл алам. Кагазга дизайнын түшүрүп, кездеме тандап бергеним үчүн акы алам. Атымды кошсо рахматымды гана айтам. Атайын атымды жаз деп мажбурлаганга акым жок. 

— Кимдерге таасирленип, тажрыйба топтоп жүрөсүз?

— Мыкты дизайнерлер эки багытта иштешет. Биринчиси массалык линия болсо, экинчисин "от-кутюр" деп коет. Массалык линияны эл көп киет, ал эми "от-кутюр" чубалжып упузун болгондуктан көчөгө кийип чыкканга болбойт. Баасы дагы кымбат. Мына ушул эки багытты чыгармачыл адам эргүү менен алып кете алат. Мен да ар дайым биринин стилин экинчисине окшоштурбаганга аракет жасайм. Дүйнөлүк дизайнерлерден Элиса Апаева жагат. 

— Коллекцияларыңыздын ичинен кайсынысын жемиштүү болду деп айта аласыз?

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Мактангым келбейт бирок коллекцияларым бат эле өтүп кетет. Мурун жасагандарым даяр болгонго чейин улам оңдой берип, чыгаарга чукул колллекцияны көргүм келбей калчу. Бирок эмнегедир Көчмөндөр оюндарына жасаган эмгегим өзүмө абдан жакты. Бир чети өзүмө таң калып да кетип жатам. Балким кыздуу болгондон кийин жан дүйнөмдө тең салмактуулук пайда болгондур. 

— Кийимдерди атыңыз үчүн көбүрөөк сатып алышса керек… Жаш кезде атыңыз үчүн тер төгүп эмгектенсеңиз, азыр ат сиз үчүн иштеп берип жатат окшойт? 

— Талыкпай эмгектенгеним чын, бирок атымды чыгарайын деп бир дагы тыйын жумшаган жокмун. Муну көкүрөк кармап айта алам. Замира Молдошеваныкы деп жактырышканы үчүн алышса керек. Былтыр боюмда болгондо өмүрүмдө алгачкы жолу бир жыл бою эс алдым. Кечке уктай берип ичимден эл жыргап жашайт турбайбы деп ойлондум (күлүп). Чынында бул процесс абдан оор экен. Жарым жылдан кийин өзүмө араң келдим.

— Кечирээк балалуу болгонуңузду билебиз. Калган суроолор эми жеке жашоого буюрсун?

— Энелик бакытты он беш жыл күтүп, 43 жашымда төрөдүм. Кудай буюрса кызыма он ай болуп калды. Жолдошум экөөбүз дагы балалуу бололу деп пландап жатабыз. Көбү өзү төрөдүбү деп күмөн санашат экен. Башка аялдардай эле өзүм төрөдүм, кудай мага берди. Аялзатынын бактысы балада экенине ынандым. Баланы баккан да чоң эмгек экен. 24 саат бою бала тууралуу гана ойлонот экенсиң. Башында тажрыйбам жок, бир жерин туура эмес кылып алдымбы деп сарсанаа боло берчүмүн. Эми кызымды убактысына жараша уктатып тамагын, витаминдерин берип жатам. Бардыгын муздаткычка жазып койгом. Үйдө жок болуп калсам жолдошума гана таштай алам. Сыртка да көп алып чыкпайбыз. Көбү сүрөтүн көрсөтпөйсүз дей беришет. Менимче кичинекей бала чоңдордун аурасын көтөрө албайт. 

— Сиз көз жаргандан кийин деле интернетке жасалма бала тууралуу айтып чыгышты эле?

Актер Уларбек Батыркулов - Sputnik Кыргызстан
Эргежээл шоумен: сүйүктүүмө 101 роза сатып алып, көтөрө албай кыйналгам
— Ал мындай болгон. "ЭКО" бала жасаган бейтапканадагылар жанымды кашайтып жасалма бала жасатты деп сөз чыгарышкан. Аны өзүм деле билбейм. Мага социалдык тармактардан айымдар "сизди ошол клиникадан жасатты деп айтышты, кеңеш алалы дегенбиз" деген сыяктуу сөздөрдү жаза башташты. Анан клиниканын жетекчисине чалып катуу уруштум. Мен силерге бардым беле десем "жок барган эмессиз" деп ар кайсы шылтоону айтып кутулушту. Мындайларга көңүл деле бурбаш керек. Мага кудай берди. 

— Учуру келгенде башка дизайнерлерге орун бошотуудан кооптонбойсузбу?

— Сен биринчи кыйын болуп чыгасың. Бирок сенден да кыйындар чыгаарын унутпаш керек. Өзүмдүн профессионалдуу экениме ишенем. Мен бирөөнү кайталай албайм, мени бирөөлөр кайталай албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0