Эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчиевге арналган көргөзмө өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө бүгүн саат 12.00дө башталат. Анда сүрөтчүнүн жеке коллекциясындагы жана музейдин архивиндеги эмгектер тартууланат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бүгүн Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде КРдин эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчиевдин элесине арналган көргөзмө баштала турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Комузчу Нурак Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Күүнүн атасы Нурак Абдырахманов бүгүн 69 жашка чыкмак…
Билдирүүгө ылайык, экспозицияга сүрөтчүнүн жеке коллекциясы менен музейдин архивиндеги 100гө чукул эмгек кирди. Көргөзмө Койчиевдин чыгармачылык жолун чагылдырат.

Иш-чара 21-октябрдан 5-ноябрга чейин уланат.

Турсунбек Койчиев 1941-жылы 14-октябрь күнү Чүйдө туулган. Чыгармачылыгы 1965-жылдан башталып, Италия, Швеция, Бельгиядагы эл аралык көргөзмөлөргө катышып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0