Туулган күнүң менен, Каныкей! Ырчы тууралуу кызыктуу 7 факты

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргызстандык белгилүү ырчы Каныкейдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандык белгилүү ырчы Каныкейдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эстрадасында өзгөчө үнү, стили, образы менен таанымал ырчы Каныкей Алымбекова бүгүн 29 жашта. Ал шоу-бизнеске бир топ өзгөчөлүктөрдү киргизе алды. Журналист Гүлдана Талантбекова уникалдуу өнөр ээси тууралуу жети факты даярдады.

Карапайым үй-бүлөдөн чыккан. 1987-жылы 16-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлүп-өскөн. Ырларында дайыма "Жашоо татаал, келгиле, жашоонун баркын билели!" деп айтып келет. Себеби да бар. "Кичинемден эле музыкага шыгым бар болчу, мектепте окуп жүргөндө бир да кароо-сынакты калтырбай катышчумун, ыр жазчумун. Балалыгымды эстесем, талаада кулпунай терип жүргөн күндөрүм эске түшөт. Таттуу балалыкты башымдан кечирдим деп айта албайм. Жакыр үй-бүлөдө өсүп-чоӊойдум. Ал кезде азыркыдай ырчы Каныкей болорум үч уктасам да түшүмө кирчү эмес" деп айтканы бар. 

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туулган күн кут болсун, Мирбек! Ырчы тууралуу 10 факты
Атасы кызынын ийгилин көрбөй калган. 3-4-класс кезинде апасы турмуш шартка байланыштуу Россияга иштегени кетет. Каныкей туугандарынын колунда калып, үй оокаттарын жасоону эрте үйрөнөт. 11 жашында камыр жуурса, 12 жашынан баштап каникул сайын талаада акыга кулпунай терип иштечү. Ата-энеси Каныкей 5-класста окуп жатканда ажырашып кетишет. Бирок атасы менен мамилесин үзбөй кабарлашып турат. Каныкей ошондо "ата, көрөсүӊ, мен атактуу болом, бай болом, кыйын кыз болом, ошондо сени өзүм эле багып алам" деп айтчу экен. Тилекке каршы, ырчы жаӊы чыгармачылыкка аттанган кезде атасы каза болуп калат. "Өкүнгөнүм, ал менин жарк деп күйүп, атактуу болгонумду көрбөй кетти. Жашоо ушундай табышмактуу, сен бир нерсени катуу каалап жатканда ал нерсе жок, каалаган нерсеӊ келгенде ал жакшылыкты көрө турган адам жок болуп калат экен. Атамдын арбагы мени колдоп жүрөрүнө ишенем" деп айтканы бар.

© предоставлено Chapan StudioКыргыз эстрадасында таанымал ырчы Каныкей
Кыргызстанская эстрадная певица Каныкей - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эстрадасында таанымал ырчы Каныкей

Жашоосундагы чоң бурулуш. 2005-жылы Токмоктон мектепти бүтүп, борборго келип ырчы болом деп бир топ кастингдерге катышат. "Поющий город" деген музыкалык долбоорго катышып, жарым финалына чейин жетет. Ушундай күндөрдүн биринде продюсер Мамасадык Багышевге жолугуп калат. Ал Каныкейди ырдатып көрүп, "Жүрөк сыздайт" деген ырын жактырат. "Каныкей, жашооӊду толугу менен өзгөртүүгө даярсыӊбы?" деген суроосуна ойлонбой туруп "ооба" деп жооп берет. Ошондон тарта чыгармачылыктагы жолу башталат.

Сахнага үч жыл бою даярдашкан. Продюсери Мамасадык Багышев менен расмий түрдө 2006-жылдан тарта иштеше баштаган. Ырчыны үч жылдай даярдап, 2009-жылы гана ыр жаздырып, клип тартып, образын иштеп сахнага чыгарган. Алгач "Коё бергин мени, кайгы" деген ырына клип тарткан. Продюсери менен профессионалдуу жолду басып өтүп, алты жыл иштешкенден кийин 2012-жылы кызматташууга чекит коюшкан. 

Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: жубайым кыргыз эстрадасын багындырам деп турат
Билими. Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык училищенин эстрадалык вокал жана Кыргызстан эл аралык университетинин финансы жана кредит бөлүмүн бүтүрүп, Кыргыз улуттук консерваториясынан да билим алган.

Үй-бүлө баарынан артык. 2014-жылы 21-мартта Каныкей Медер аттуу балага турмушка чыккан. 2015-жылдын 11-ноябрында уулдуу болушкан. Кыргызда аалым деген мааниси терең сөзгө ыктап, келечекте уулу дагы илимге, билимге өмүрүн арнасын деген үмүттө жолдошу Медер Алим деген ысымды ыйгарган.

Учурда ырчы чыгармачылыкка билек түрө киришип, жаңы долбоордун үстүндө иштеп жаткан убагы. Бизге берген интервьюсунда "Эксперименттерди жасай турчу убактан өттүм" деп айтканы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0