00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Афганистан, геополитика и водные ресурсы - политолог о ключевых процессах и политике Запада в Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:10
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кеп казына. Сокур да болсо сөзү бар, сөздөрүнүн көзү бар Барпы акын

© Sputnik / Табылды КадырбековКыз куумай улуттук ойуну, архивдик сүрөт
Кыз куумай улуттук ойуну, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Барпы Алыкулов Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ачы айылында 1884-жылы жакыр үй-бүлөдө туулган. Оор турмуш кечиргенине карабай Барпы ырчылык өнөргө эрте аралашты. 15 жашынан тартып байлардын жана манаптардын адилетсиздигин, ач көздүгүн чагылдырып, эзилген элдин оор абалын айтып, ал кездеги атактуу акындар менен айтыштарга түшөт. Барпы акын отуз жаштан ашканга чейин малайлыкта жүрүп, Октябрь төңкөрүшү жеңгенден кийин гана эркин, өз алдынча жашады. 65 жаш курагында дүйнөдөн кайткан Барпы Алыкуловдун сөөгү Бишкектин түндүгүндөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

***

Ашыгып жанга залал кылган напси,
Алтынды жерге жатса, алган напси.
Азапты артык бизге салган напси,
Коркпогон эчтемеден палбан напси.
Көз менен көрүп калса, жеткен напси,
Көңүлдү жолдош кылып кеткен напси.

***

Ынтымактуу эл болсо,
Таалай, багы ачылат.
Ынтымагы жок элдер
Талааларга чачылат.
Ынтымагы бар элдин,
Эли чогуу жыйылат.
Ынтымагы болбосо,
Айылы качып суюлат.
Ынтымагы бар элдин
Корообу каттык коюлат.
Ынтымагы жок элдин
Кара көзү оюлат.
Ынтымагы бар элдин
Жайытта малы чырмалат.
Ынтымагы жок элдин
Жардысы качып кыйналат.
Ынтымагы бар элдин
Калага карды ток болот.
Ынтымагы жок элде
Бириге бири октолот.

***

Мөмөлүү дарак болбойт, чөл болбосо.
Арчанын саясы жок, шак болбосо,
Булбул куш кайда сайрайт, бак болбосо
Дайралар толкуп, ташпайт, сел болбосо
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо,
Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо! 

***

Ырыскыны бекерге
Төкпөгүлө, балдар ай,
Акарат кылып бирөөнү
Сөкпөгүлө, балдар ай
Мурдуңду бөөдө көтөрүп,
Көппөгүлө, балдар ай.

Бирөөнүн болсо, буюмун
Албагыла, балдар ай.
Жаманатты, наалатка
Калбагыла, балдар ай.

Минип турган атыңды
Чаппагыла, балдар ай.
Киши билбестиктен сүйлөсө,
Какпагыла, балдар ай.

Үйүңдү таштап, талаага
Жатпагыла, балдар ай.
Жалган сөздү "ырас" – деп,
Айтпагыла, балдар ай. 

***

Дүйнө сырын чечмелеп,
Берген китеп куран дейт!
Он сегиз миң Ааламды,
Бийлеп турган кудай дейт!
Мухиттеги толкундун,
Күчтүү жери түбүндө.
Ыйманы бар пенденин,
Жакшы иш келет түңүлбө!..
Адамзаттын денеси.
Ак турпактан жаралган,
Акырындап көбөйүп,
Ар тарапка таралган.
Союлган мал адал дейт,
Союлбаган арам дейт.
Унутулат жакшы иштер,
Унутулбайт жаман дейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0