БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Тажикстандын борбор калаасында өтө турган "Навсоз" кинофестивалына Кыргызстандан Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмасы тандалып алынды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-20-сентябрь күндөрү өтө турган фестиваль киного кызыккан жаштарды колдоо максатын көздөйт.
Борбордук Азия мамлекеттери катыша турган сынакка 30 мүнөттөн ашпаган оюн-зоок, даректүү жана анимациялык тасмалар тандалып алынды. Ал эми катышуучулардын курагы 35 жаштан жогору болбош керек.
Эскерте кетсек, "Топурак" 2015-жылдын эң мыкты кыска метраждуу тасмасы болуп, улуттук "Ак илбирс" сыйлыгына татыган.