Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев
Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадиллаев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти. Актер буга чейин "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Каракыз", "Сүйүү сынагы", "Жараланган турна", "Президент жана бомж" тасмаларына тартылып, белгилүү болгон.

Азиз мырзанын пунктуалдуулугун ушундан билиңиз. Белгиленген убактан кечикпей келип "Мен убагында эле келдим окшойт" дегенинен саатымды карасам үч мүнөт өтүп кетиптир, анан ал кайра өзүнүн саатын көрсөтүп сиздики алдыда экен мына эми 12:00 болду дейт. Маек ушинтип башталды. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев

— Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Сизди чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүнөн экениңизди билебиз?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Мен Бишкек шаарында 1978-жылы 12-июнда төрөлүп, ушул жакта чоңойдум. Атам белгилүү актер Үсөн Мурадиллаев, апам КРдин Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева. Албетте менин чыгармачылыкка аралашып калуума ата-энемдин жана кесиптештеринин таасири чоң. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрынын алдындагы училищеге тапшырдым. Андан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга өтүп, аны 1997-жылы аяктадым. Азыр иштеп жатканыма он беш жылдын жүзү болду. Учурда 19 жана 9 жаштагы эки уулум бар.

— Көп тасмаларда башкы ролдорду жараттыңыз. Бирок эң жемиштүүсү, сизге дагы да ийгилик алып келгени Алымбек датка болду окшойт?

— Мен да ошентип ойлочумун. Бирок байкасам азырынча "Курманжан датканы" көрө электер көп экен. Албетте менин чыгармачылыгымда Алымбек датканын талашсыз чоң орду бар. Кээде мени көчөдөн кинодогу ар түрдүү аттар менен Эркин, Бакыт, Темир, Алымбек деп чакырышат. 

© Фото / предоставлено Азизом МурадиллаевымАзиз Мурадиллаев "Курманжан-Датка" филминдеги Алымбек-Датка ролунда
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев "Курманжан-Датка" филминдеги Алымбек-Датка ролунда

— Алымбек датканын ролу сизге кантип буюрду? Кастингдин талаптары кандай эле?

— Кастинг жүрүп жатканына эки айдын жүзү болуп калган. Уккам, бирок барган эмесмин. Төлөмүш Океевдин киностудиясында жүргөм. Дос балдар Алымбек датканын ролуна сынакка катышканы "Айтыш фильмдин" алдында турабыз, жолугалы деп айтып калышты. Алар кирип кетишти, мен сыртта күтүп отурсам Садык байке менен Акылбек Абдыкалыков агайыбыз "Сен кастингге келген жоксуң, жүрү сени да көрүп көрөлү" дегенинен макул дедим. Башында видео проба болду. Эки бет текст беришт,и анан эки-үч дубль кылып алып үйгө кеттим. Эртеси жардамчы кыздар телефон чалып "куттуктайбыз, сиз өттүңүз, эми сакалыңызды албай туруңуз" дешти. Чынын айтканда мен өтөм деп ойлогон эмесмин. Анткени кастинг бүткөндө элдин акыркысы болуп баргам. Мага чейин Алымбек датканын ролуна канча киши келгенин билбейм, көрө алган жокмун. 

— Тасма тартылып жаткан аянтта кызыктуу окуялар көп болсо керек?

Актердук, каскадердук, режиссерлукту аркалаган Адилет Акматов. - Sputnik Кыргызстан
Каскадер Адилет Акматов: 50дөн ашык жаракат алып, өрттөнүп да кеткем
— Мен алгач тартылып баштаганда эликке ууга Алымбек, Элтойду болуп чыккан картина бар эле. Анан мергенчиликке деп атайын элик алып келгенбиз. Ал картина кинодо жок. Бирок Каныкейдин фильмге жазылган саунтрегинин клибинде көрсөтүлөт. Анан күтүүсүз жерден эликти качырып жибердик. Эмне кылаарыбызды билбей тайгандар менен бүркүтчүлөр сезип калбасын деп баарын кетирдик. Эликтин ээси "көпчүлүк жакшы болот, бирге кубалайлы" деп айтып калды. Анан торлорду көтөрүп алып ары-бери чуркадык. Элик качып баратып таштын арасына түшүп кетип, бир мүйүзүн сындырып алды. Ага негизи атайын эс алдыруучу дары берип коюш керек экен. Анан аны сайып койсок качышы керек болгон жеринде уйдай гана болуп жатып берди. Таш менен ургулап эптеп тартканбыз. Көрсө, качып кеткенде бутун жакшы байлабай коюптурбуз. Садык байке тыңыраак эле байлабайсыңарбы деп урушкан.

— Алымбек датканын ролу үчүн канча гонарар алды деп кызыккандар көп экен?

— Бул жагынан гонарар тууралуу кеп кылууга болбойт. Өтө көп деп айтуудан алысмын. Ошондой болсо деле жакшы болмок. Биз акчага көңүл бурган жокпуз. Кандай десем, патриот катары тартылдык. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзиз Мурадилаев: жашоонун өз агымы, түмөн түйшүгү бар. Чоң шаарда бат кыймылдап, жайлоодо жай жүрүшүң керек
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадилаев: жашоонун өз агымы, түмөн түйшүгү бар. Чоң шаарда бат кыймылдап, жайлоодо жай жүрүшүң керек

— Кино сүйүүчүлөр бул роль сизге мыкты жарашып, татыктуу ойногон деп айтышат. Өзүңүзгө жактыбы?

— Мен бул ролду укмуш кылып аткарып салдым дебейм. Тасманы кайталап көрө берсең, өзүңдөн кемчилик издей берет экенсиң. Толук түрдө канааттандырып, купулума толду деп айтуудан алысмын. Башка актерлордой эле тартылып бүткөндөн кийин бир жерлерин башкачараак ойносом болмок экен деген ой келген.

Алып баруучу Назира Айтбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: тили жакшы, бирок түрү суук кемпирге окшош кыз деп айтышчу
— Тасмада көз карашыңыз ушунчалык муңдуу, оор басырыктуу, ошол эле учурда жылдыздуу көрүнүп, көз аркылуу да түрдүү ой-толгоону бере алдыңыз. Байкасам, күнүмдүк жашоодо көзүңүз кадимкидей эле экен?

— Негизи көзүмдүн ичинде кал бар. Ал жакта Алымбек датка кылыч кармап, согушуп жүргөн жок. Андыктан салабаттуу, токтоо, мыкты саясатчы жана стратегиясы күчтүү чыныгы датканын образын бериш керек эле. А жашоодо албетте, кандай болсоң ошондой жүрө бересиң да.

— Аткарган ролдоруңуздан бир канча убакыт чыга албай жүргөн учурлар болобу?

— Жашоонун өз агымы, түмөн түйшүгү бар. Чоң шаарда бат кыймылдап, жайлоодо жай жүрүшүң керек. Менде андай болбойт. Каармандын образын турмушка аралаштырбайм. 

— Учурда кино сүйүүчүлөр арбынбы же театрды жактыргандар басымдуубу? 

— Мурун экономикабыз аксап жаңы бутка туруп келе жатканда театр эмес, турмушту араң эптеп калганбыз. Кайрадан жанданып турганда минтип маалымат абдан жеткиликтүү болуп калды. Эл театрга көп келбегени маалым. Азыр кино жеткиликтүүлүгү менен театрды утуп жатат. Керек болсо каалаган киноңду жыйырма сомдук дисктен көрө аласың, туурабы? Бирок театр жандуу көрүнүш. Анын өзүнүн жеке күйөрмандары бар. Ар бир премьераны калтырбай көргөндөр арбын. Жаш курактары да ар түрдүү. Экөөнүн тең артыкчылыктары бар деп ойлойм. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовАзиз Мурадилаев: Театрда сөздү тексттегиден бурмалап жиберсең сени менен ойноп жаткан киши ыңгайсыз болуп калышы мүмкүн. Ал кайсы сөздөн кийин эмнеси кетээрин билбей калат
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадилаев: Театрда сөздү тексттегиден бурмалап жиберсең сени менен ойноп жаткан киши ыңгайсыз болуп калышы мүмкүн. Ал кайсы сөздөн кийин эмнеси кетээрин билбей калат

— Кинодогу тексттердин баарын жаттайсыздарбы же арасынан өзүңөрдүкүн да кошуп кеткен учурлар болобу?

15 жаштагы жаш ырчы Кылыч Эдик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Кылыч Эдик: "Көк бөрү" ырымды көчмөндөр оюндарында ырдасам дейм
— Тексттер китептин форматына окшош кооз жазылган болот. Окуй келсең мындай бир жасалмалуулукту бергендей туюлуп кетет. Өзүң жүдөп кеткенде ток этер жерин айтып беришиң керек болот. Маселен учурдагы өлүмдү угузганда текстегидей "Ии, биздин да кабыргабыз кайышып" деп отурбай, кээде жөнөкөй тил менен бергенге аракет кылабыз. Театрдан көбүнчө жаттайбыз. Сөздү тексттегиден бурмалап жиберсең сени менен ойноп жаткан киши ыңгайсыз болуп калышы мүмкүн. Ал кайсы сөздөн кийин эмнеси кетерин билбей калат.

— Азыр кино тарткандар көп. Сизге сунуш түшкөндө аларга карата жеке талаптарыңыз барбы? Деги эле сизге кандай роль жаратуу ыңгайлуу?

— Бизде амплуа деген түшүнүк бар. Айрымдар комедия аткарып жатса деле эл күлбөйт. Ал эми трагедия болуп жатса деле көрүүчүлөр күлө беришет. Мен кыймыл-аракет менен эмес, болуп жаткан кырдаал өзү күлкүлүү же кайгылуу болушу керек деп ойлойм. Менин талаптарым убактыма жараша болот. Роль тандабайм, ойной берем. 

Жаңылыктар түрмөгү
0