Ырчы Самара Каримова: кээ бир тойлорду көрүп оозум ачылат

© Фото / Арсен МендебаевЭстрада-фольклордук ырчы Самара Каримова. Архив
Эстрада-фольклордук ырчы Самара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешиктеги баладан баштап карыяга чейин элдин жүрөгүнөн түнөк таап, эбегейсиз аудиторияны камтып алуу ырчылар үчүн оңой эмес. Ошондой болсо да аракет кылып, калың элдин сүймөнчүгүнө айланган ырчылардан куру эмеспиз. Алардын бири — эстрада-фольклордук ырчы Самара Каримова.

Ырчы айым журналист Гүлдана Талантбековага кыргыз жана коңшу мамлекеттердеги той-топурлардын өзгөчөлүктөрү жана жибек чачынын таржымалы жөнүндө айтып берди. 

— Башка ырчыларга салыштырмалуу элге бат таанылдыңыз. Сизде сахнага аттанаардан мурун өзгөчө даярдыктар болду беле?

— Мен кичинекейимден тарта ырчы болуп, чыгармачылыкта өз ордум болсо деген тилегим бар болчу. Мектепти бүтүп, борбордогу Кыргыз-Түрк Манас университетинде актердук бөлүмдө консерваторияда окудум. Кийин турмушка чыгып үч баланы удаа төрөдүм. Жакындарым, кайын-журтум түшүнүү менен кабыл алып "сен талантыңды элге көрсөтүшүң керек, ырда" деп колдоо көрсөтүштү. Бул дагы менин бешенем деп ойлойм. Жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн болгондуктан эл алдында ырдап отурам. Ооба, мен тез таанылдым. Бирок бул атактуулуктун аркасында чоң эмгек бар. Ошол эле учурда асмандап жылдыз болуп көкөлөп кеткен жокмун. Жөнөкөйлүктү абдан жактырам. Мен жете турчу ийгиликтер али алдыда.

© Фото / Арсен МендебаевСамара Каримова жолдошу Асан Мансуров жана наристелери менен
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров жана наристелери менен

— Көбүнчө сахнада улууттук жана узун көйнөктөргө басым жасайсыз. Бул сиздин стилиңизби же ырларга карап кийинип чыгуунун зарылчылыгыбы?

— Мен эстрадалык-фольклордук ырларын ырдагандыктан улуттук кийимдерди кийүүгө туура келет, андан да бул сахнага болгон сыйым деп ойлойм. Сахнага ылайыксыз кийинип чыгуу элди тоготпостук деп түшүнөм. Мен сахнага чыгарда же тойлорго барарда эмне кийип барсам деп аябай ойлоном, кокусунан бир жерим тырышып, кир болуп калбайбы деп түздөнүп турам. Мактангандык эмес, Самарадай болсун деп кыздардын аттары коюлду, эл жаш-карысы дебей ырларымды угуп жатса, ошол сыйды мен дагы көтөрө билишим керек. Ал эми үйдөн шым, майкаларды, кыска көйнөктөрдү же спорт кийимдерин кийип жүрө берем. 

— Кийимдерди каяктан аласыз?

— Модельерлердин көргөзмөгө коюлган кийимдеринен алам, алар мага туура келет. Көбүнчө Оштон, Бишкектен, кээде чет жактардан алып келем. Айрым учурларда буйрутма берип тиктиребиз.

— Жети дубандын элин кыдырып талантыңызды тартуулап жүрөсүз. Алардын талабын, айырмачылыктарын билсеңиз керек?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Азыр жаштардын табитинен орун алуу оңой сыяктуу көрүнгөнсүйт. Ал эми жашоонун ачуусун, кыйынчылыгын таткан улуу муундун жүрөгүнөн орун алыш абдан кыйын экен. Кээде концерттерде сахнада эң улуусу ким деп белегимди, дисктеримди таркатам. Оштогу концертимде эң улуусу ким деп сурасам бир апа чыкты, ал ошондо 105 жашта экен. Бирок экөөбүздөн тың экен, белек берсем сахнага чуркап чыгып жолугун салып, батасын берди. Мен ушул эки айырмачылыкты байкай алдым. Региондогу элди ажырата албайм. Бардыгы бирдей жана меймандос.

— Коңшу мамлекеттердеги жакшылыктарда дагы кызмат көрсөтөт экенсиз. Алар жергиликтүү тойлордон эмнеси менен айырмаланат?

— Менин атам Эрмек Каримов аккардеондо кыргыз тилден сырткары башка көп тилдерде ырдаган. Азыр ден соолугуна байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кетти. Мен дагы тажикче, өзбекче ырларды ырдайм. Ошол жактан мени тойлорго чакырышат. Албетте Кыргызстанга караганда кымбат акчага барам. Ал жактагылар акчаны көп кыстарышат, барган акчаңа караганда кыстырмасы көп болуп калышы мүмкүн. Биздин кыргызча ырларды да жакшы көрүшөт. "Сагынганда атамды", "Жаз", "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ырларды көп сурашат. 

© Фото / Арсен МендебаевСамара Каримова: Азыр балдарым алдымда жүрсө чын эле ушулар меникиби, мен ушуларды төрөдүм беле деген ойдо болом. Анан мен турмушка чыгып, жакшы кылыптырмын деп айтып калам
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Самара Каримова: Азыр балдарым алдымда жүрсө чын эле ушулар меникиби, мен ушуларды төрөдүм беле деген ойдо болом. Анан мен турмушка чыгып, жакшы кылыптырмын деп айтып калам

— Чакырган тойлордун баарына барасызбы же сизде тандоо болобу?

— Чыгармачыл кишилердин баарынын эле ниети жакшы. Элибизде той, жакшылык болсо дейбиз. Эч качан сен тигиндей экенсиң, мен барбайм деген орунсуз кыялдар болгон эмес. Менде тандоо деген жок. Сүйлөшүп, убактыма карап бара берем.

— Негизи бир күндө канча тойго кызмат кылса болот?

— Учурда жай мезгилинде күндө эле той. Бир күндө беш тойго барып кызмат кылса болот. Кээде такыр той жок болуп калат. Тойдун баары эле буйрутма эмес, жолдошум жана өзүм жактан урук-туугандарыбыз өтө көп. Анын үстүндө Оштогу улуттук драма театрда биздин коллективде эки жүз жыйырма киши иштейт. Анын баарынын жакшылыктарына тегиз жетишкенге аракет жасайм. Кээ бир тойлорду көрүп оозум ачылат, эми укмуш өтөт. Бул да болсо элибиздин жетишкендиги, берекелүүлүгү эмеспи. 

— Келбетиңизге кантип кам көрөсүз?

— Чачым узун болгондуктан шашылыш учурда эмне кыларымды билбей туруп калам. Анан жакшылап тарап туруп, өрүп узун кылып таштап коем. Мага берилчү көп суроолор чачыңды кошуп алдыңбы, өзүңдүн чачыңбы деп сурай беришет. Мен мынча өсүп кетет деп ойлогон эмесмин. Турмушка чыккандан кийин жолдошум "кийинки жылы кырк, андан кийинкисинде кыркасың" деп атып узарып кетти. Анан жолдошум "азыр элдин баары Самара кыйын экен чачын өстүрүп деп айтышат, ошолорго жолдошум өстүргөн айтып койсоң боло" деп тамашалап калат. Азыр кыркайын деген оюм жок, дагы өстүрөм. Өзүм элдик ыкмаларды колдоном, чачымды дары чөптөр менен жууйм. Дайыма ошолорду аралаштырып жууганга убактым болбойт. Анан жумуртканын сарысын алып келип аралаштырып, олив, кастор, уйгак майы менен майлап жатып, эртең менен жууп коем.

— Үч баланы төрөсөңүз да дене-мүчөңүз бир калыпта экен?

Кыргыз-казак эстрадасында таанымал ырчы Ильяз Абдразаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ильяз Абдразаков: досторум жубайларын кызгана баштаганда, үйлөнүүнү чечтим
— Бала кезимен эле арыкмын. Анан албетте өзүмдү карап диета кармап, күрүчтү сууга бышырып жейм. Эртең менен туруп бир стакан суу ичем. Суу менен досмун десем болот. Дене түзүлүшүм тегимен да болсо керек. Атам арык узун киши, апам көптү төрөсө да сыны кеткен жок. Өзүмдүн кыймылым көп, төрөгөндөн кийин өзүмө келиш үчүп апам бели-башымды байлап, тамагын жасап берип карады. Көз жаргандан кийин бүтүндөй дене бошоп, организм жаңыланып, өзүң жаңы төрөлгөндөй болот экенсиң. Ошол убакта кыркы чыкканча ысык-суука урунбай тыңып алсаң балага да, өзүңө да жакшы болот экен.

— Балдарыңызды кандай тарбиялайсыз?

— Азыр балдарым алдымда жүрсө чын эле ушулар меникиби, мен ушуларды төрөдүм беле деген ойдо болом. Анан мен турмушка чыгып, жакшы кылыптырмын деп айтып калам. Кудайым мага үч перзент берди. Аларды апам каралашат. Апа деген асыл зат экен. Өз баласын тарбиялаганы аз келгенсип неберелерин да карайт. Апам Разия медицина кызматкери болчу, жумушун таштап балдарымды чоңойтуп берди. Улуусу беш жашта, ортончусу үчтө, кичүүчү бир жарымда. Убакыт өтө берет экен. Балдарыма учурда канчалык деңгээлде тарбия берип жатканымды билбейм. Бирок жолдошум экөөбүз ыймандуу, акылдуу болуп чоңоюп, элдин керегине жарап турса деп тилейбиз. Учурда бала-бакчага бердим, убагы келгенде түрдүү ийримдерге берсемби дейм. Жолдошум экөөбүздүн иштегенибиздин баары бала үчүн да. 

— Сиз улуу муундагы ырчылар менен көп жүрөсүз. Өзгөчө Саламат Садыкова менен мамилеңиз жакшы?

— Саламат Садыкова өзүмдүн жакын эжем болот. Экөөбүз жердешпиз, ал менин устатым. Мага кеңешин, формаларын, жардамын берип өзүнүн эжелик милдетин аткарып келет. Алтынай Нарбаева, Салима Балтаеваны, Гүлбү Ороскул кызын, деги эле улуу муундагы ырчылардын көбүн урматтайм. Ошко келсе тосуп алып, үйгө алып келем. Бирок бул жаштардан досу жок экен дегенди бидирбейт. Жаш ырчылардан Гүлнур Асанова, Асел, Анжелика, Жумагүлдөр менен жолугуп, чай ичишип турабыз. Баары менен дос болгонго аракет жасайм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0