БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда Соң-Көл жээгинде айтылуу Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракеси өттү.
Салтанаттуу иш-чара баатырдын Ак-Талаа районундагы күмбөзүнө барып, куран окуу менен башталды. Андан соң маараке Соң-көлдө уланып, салтанатты Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов ачты. Андан сырткары, куттуктоо сөздөрүн Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сүйлөп, Тайлак баатырдын кыргыз тарыхындагы ордуна кеңири токтолушту.
Маараке театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолуп, анда Тайлак баатыр жашаган доордун бир ирмеми чагылдырылып, эл-жерди коргоо сезими, эр жүрөктүүлүк даңазаланды. Ири программадагы концерт менен коштолгон оюн-зоок ат оюндары менен уланып, элге бүйүр кызыткан ат чабыш, күрөш, эр эңиш тартууланды.
Эскерте кетсек, XVIII кылымда жашап, кыргыз чегин Кокон хандыгы менен кытай баскынчыларынан коргоп тарыхта калган Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөө президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен мамлекеттик иш-чаралардын катарына кирген.
Анын алкагында баатырдын күмбөзү оңдолуп, мааракеси белгиленип, "Тайлак баатыр" аттуу тасма тартылмай болду.