Британиянын калыстары Атай Өмүрзаков менен "Тумар КР" тобуна тура калып кол чабышты

© Sputnik / Жоомарт УраимовInstagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив
Instagram сайтынын atai_tumar.kr_adem аттуу колдонуучунун бетинен тартылган кадр. Атай Омурзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР бийчилери бул жолу Франкенштейндин элесин чагылдырган бий номери менен калыстарды таң калтырып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Britain`s Got Talent — 2016 телешоусунун жарым финалында үчүнчү болушту. Бул тууралуу ITV телеканалынын расмий сайтында маалымдалды. 

Кыргызстандык бийчилер бул жолу Франкенштейндин элесин чагылдырган бий номери менен калыстарды таң калтырып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Бийчилердин аткарган номери телеканалдын YouТube сайтындагы баракчасына да жүктөлдү.

"Саймон баштаган калыстар ордунан тура калып кол чаап, бийчилердин талантына дагы бир жолу таңданышты", — деп жазылат ITV телеканалынын сайтында.

Сөөгү жок адамдар - Атай Өмүрзаковдун окуучулары
Белгилей кетсек, кыргызстандык бийчилердин буга чейинки көрсөткөн номерлери да калыстарды айран таң калтырган. 

Телешоунун калыстар тобунун мүчөсү, продюсер Саймон Коуэлл менен Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу келишим түзгөнү буга чейин маалымдалган болчу

Эскерте кетсек, таланттуу бийчилерди президент Алмазбек Атамбаев да кабыл алып, Лондондо өтө турган Britain’s Got Talent сынагына катышуу үчүн акчалай жардам берген эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0