Ошто айтыш боюнча эл аралык таймаш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз. Архив
Кыргыздын улуттук музыкалык аспабы комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда кытай, казак жана кыргыз акындары күч сынашат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Ош шаарында алгачкы ирет кытай, казак жана кыргыз акындарынын айтышы болоорун Ош шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Топчубай Досбаев билдирди.

Анын айтымында акындардын айтышы 19-21-март күндөрү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт.

Иш-чараны СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, Ош шаардык мэриясы жана "Алтын комуз" продюссердик борбору уюуштурууда.

"Аталган иш-чарада үч өлкөдөн келген акындар "Акындардын падышасы — Ош-Нооруз-2016" наамы үчүн атаандашат", — дейт Досбаев. 

Акындардын айтышында Түгөлбай Казаков, Эгемберди Эрматовдор баш болгон акындар, жана маданият өкүлдөрү калыстык кылышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0