БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер, сценарист жана акын Дальмира Тилепбергенова NETPAC уюмуна мүчө болду. Бул тууралуу "Айтыш-фильм" киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идирисова билдирди.
NETPAC — бул 1990-жылы уюшулган азиялык тасмаларды жайылтууну көздөгөн дүйнөлүк тармак. Анын курамына 30 мамлекет кирип, киноиндустрияда азиялык таланттарды издөө жана алардын өнөрүн өнүктүрүүнү максаттайт.
Дальмира Тилепбергенова Россиянын кинорежиссерлор гильдиясына, Кыргызстандын жазуучулар жана кинематографисттер союздарына мүчө болуп саналат.
Режиссердун "Асман алдында" тасмасы февралдын башында Индиянын Бангалор шаарында өткөн VIII Эл аралык кинофестивалга катышып, азия тасмаларынын сынагында мыкты аталды.