Россия жылдызы Вилли Токарев Кыргызстан тууралуу ыр жазып, аткарды

© Наташа ВолконскаяРоссиялык ырчы Вилли Токарев. Архив
Россиялык ырчы Вилли Токарев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Орус шансону" жанрындагы атактуу ырчы тоолуу Кыргызстанга болгон сүйүүсүн айтып, жарандык алууга даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Россиялык ырчы Вилли Токарев Кыргызстан тууралуу ыр жазып аткарып чыкты.

Sputnik Кыргызстан кабарчысына берген маегинде Токарев чыгарма Кыргызстанда жашаган адамдарга болгон мамилесин чагылдырарын айтып берди. 

"Обону жеңил жаралды. Сөзүн Кыргызстан жана улуу "Манас" эпосу менен таанышкандан кийин да бир дем менен жаздым. Бишкекке барганда ырдап берүүгө ынтызармын", — дейт ырчы. 

Токаревдин айтымында, Кыргызстанга алгачкы ирет студент кезинде келген. Ырчы андан кийин да бир нече ирет келгенин, бир жолкусунда Ысык-Көлдү, шаркырап аккан сууларды көрүп абдан суктанганын белгиледи.

"Бул сөз менен айтып бергисиз сезим. АКШда секвойяларды көрүп жатып да кыргыз карагайлары менен салыштырып жаттым", — деди Токарев.

Ырчы Кыргызстандын жараны болуудан баш тартпай турганын кошумчалады. 

Россиялык өнөрпоз 1934-жылы Краснодар крайында туулган. 1974-жылы Америкага кетип, эмигранттардын арасында ырчы катары чоң кадыр-барк күткөн. 1989-жылы Советтер Союзуна келип 70 концерт койгон. Учурда үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0