БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкекте жети күндүк Манас айтуу болорун "Саякбай манасчы" коомдук фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, салтка айланып жыл сайын өтүп келе жаткан иш-чара быйыл 27-декабрда саат 12.00дө башталып 4-декабрда "Манас күнү" соңуна чыгат.
Мында бүгүнкү күндүн манасчылары Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов жана алардын шакирттери жети күн бою тынбай "Манас "айтып, бири-бирин улап, алмаштырып турушмакчы.
Манас айтуу быйыл "Дасмия" маданий-этнографиялык комплексинде өтөт. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.
Кыргызстанда 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген бери "Манас күнү" белгиленип келет.