БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Нурак Абдрахмановдун кызы Алтынкыз Абдрахманова тубаса таланттар бир кылымда бир жолу жарала турганын айтып, анын жазылып бүтпөгөн тарыхый эмгектери артында калганын эскерет.
"Атам комузга катарлаш эле тарыхка да аябай кызыкты. Тарых боюнча көп ойлорун жазып бүтө албай кетти деп ойлойм. Себеби, баштап коюп аягына чыкпай калган эмгектери менде сакталуу турат. Комузун колуна кармап алып дүйнөнү кыдырганда жөн жүрбөй, "кыргыз жөнүндө дүйнөнүн кайсы бурчунда эмне кеп бар экен" деп изилдеп, өмүр бою чогулткан эмгегинин жыйынтыгында "Улуу баян" деген тарыхый китеп жазды", — дейт ал.
Нобель сыйлыгы жана "Улуу баян" китеби
"Улуу баян" китеби жарык көргөндө окумуштуу-тарыхчылар арасында чоң талкуу жаратканын жана аны Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча сөздөр болгонун Алтынкыз Абдрахманова мындайча эскерет.
"Нобель сыйлыгы "Дүйнө элдерин бириктирүүгө кошкон салымы" деп да берилет экен. Атамдын "Улуу баян" китебин дал ушул сыйлыкка көрсөтөбүз деп тарыхчылар арасында сөз болгонун уккам. Себеби бул китепте адамзаттын келип чыгышы, адамдар кантип башка аймактарда байырлап калганы боюнча фактылар далилдерге таянып жазылган. Бул китеп бардык дүйнө элдерин бириктирет деп тарыхчылар сөз кылышкан", — дейт ал.
Комуз үйрөнүүдөгү "эн белги" түшүнүгү
"Нота тааныбаган, бирок табиятынан ыр жандуу, күү жандуу, комузду мыкты черткен, өнөргө дилгир болуп жүргөн балдарды комузга кызыктырып, аны бат өздөштүрүүнүн жолун үйрөтүш үчүн классикалык нотадан тышкары дагы "эн белги" деген өзүнүн ыкмасын иштеп чыккан", — дейт ал.
Эн белги музыкалык билими жок балдар үчүн алгачкы комуз үйрөнүүгө өзгөчө жардам берчү маанилүү ыкма экенин Көчөрбаев баса белгиледи.
"Башкача айтканда, муну тамга деп түшүнөлү. Тамганы тааныган бала окуганды билгендей эле, ал кишинин "эн белгисин" тааныса, нота билбей туруп деле, ылдый, өйдө, илип чертип, уруп чертип деп үйрөнүп алса болот. Аз мөөнөттүн ичинде балдар жакшы жыйынтыктарды көргөзгөнүн билебиз", — дейт ал.
"Ал тургай "Манастан" да үзүндүлөрдү табына келтирип, мыкты айткандарын угуп-көрүп калдык. Ал киши комузду кандай чертип, ырды кандай ырдаса, терме насыят ырларды да ошондой чыгарып ырдаган. Бир эле мисал алалы. "Бул дүйнө" деген чыгармасында кандай керемет ойлор айтылган.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган, наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз кетсек да калар жаркып, дайым жапжаш бул дүйнө,
дайым сулуу бул дүйнө деп сонун чыгармаларды бизге калтырып кетти. Залкар инсан катары бул киши биздин эсебизде", — деп эскерет Самат Көчөрбаев.
Улуу талант…
Нурак Абдрахманов менен бир сахнада чогуу ырдап калган комузчу Самара Токтакунова ал кишини өзүнүн ишин мыкты билген чебер экенин айтат.
"Абдан оригиналдуу, уникалдуу, өзүнчө стили, өзүнчө боёгу бар талант болчу. Чебер комузчу, бийик мастер, комузга көп чыгармаларды жаратты. Устат-шакиртте чогуу иштеп калдык. Ар дайым жакшы мамиле кылып, мени "байбиче", "Курманжан датка" деп тамашалап койчу. Бул кишинин дүйнөдөн өткөнүнө ичим ачышат, себеби, дагы далай чыгармаларды жаратмак", — дейт Токтакунова.
Нурак Абдрахмановдун кызы Алтынкыз Абдрахманованын айтымында, залкар комузчунун жолун эң кичүү уулу жолдойм деп консерваториянын биринчи курсунда окуп жатат. Андан сырткары, Нурак атанын бир небереси да анын жолун улап, аракет кылып келет.