Эл аралык "Оймо" фестивалы Бишкекте башталып, Чолпон-Атада уланат

Жазылуу
Иш-чара кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү, каада-салтты сактоо, кереметтүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык туризм аймагына айландырууну көздөйт.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн эл аралык "Оймо" фестивалы өтө турганын иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө аяктайт. Иш-чарага жалпы жонунан ар кыл мамлекеттин 150 кол өнөрчүсү өз буюмдарын  эл назарына алып чыгат. 

Мастер по декоративной обработке кожи - Sputnik Кыргызстан
Ошто кол өнөрчүлөргө уздук ыкмалар жана маркетингди өздөштүрүүнү үйрөтүп жатышат
Иш-чара кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү, каада-салтты сактоо, кереметтүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан таза эл аралык туризм аймагына айландырууну көздөйт.

Эл аралык фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар өткөрүлөт, "этно" стилинде дизайнерлердин мода көрсөтүүсү болуп, жаш сүрөтчү жана акындардын арасында сынак жүргүзүлөт. Мындан тышкары, экологиялык акциялар жүрүп, ырчы-чоорчулар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, фестиваль 31-июлдан 2-августка чейин Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагындагы аянтта, Улуттук көркөм сүрөт музейинде, Маданият министрлигинин жыйындар залында өтөт.

Ал эми 3-9-август күндөрү Чолпон-Ата шаарынын борбордук аянтында уланат.

Эл аралык маалымат агенттиги жана Sputnik Кыргызстан радиосу эл аралык "Оймо" фестивалынын маалыматтык өнөктөшү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0