"Курманжан датка" тасмасы Тегеранда өткөн кинофестивалда калыстардын атайын сыйлыгына татыды

© Фото / Айтыш фильмКурманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив
Курманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен 2014-жылы тартылып, ага мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Анын бет ачары былтыр 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. "Курманжан датка" тасмасы Ирандын борбору Тегеран шаарында өткөн 33чү эл аралык Fajr кинофестивалында калыстардын атайын "Алтын байрак" сыйлыгына татыганын фильмдин режиссеру Садык Шер-Нияз Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Биздин "Курманжан Датканы" АКШдагы кинофестивалда мыкты тасма деп табышты
33чү эл аралык Fajr кинофестивалы 25-апрелден 2-майга чейин Тегеран шаарында өткөн. Фестивалга катышуу үчүн Австрия, Германия, Швейцария, Франция, Британия, Ирландия, АКШ, Белгия, Италия, Түркия сыяктуу мамлекеттерден 300дөн ашык кино келип түшкөн. 

Тарыхый тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз билдиргендей, ушуну менен "Курманжан датка" 12-сыйлыгын алууда.

Буга чейин "Курманжан датка" тасмасы АКШда өткөн фестивалда мыкты тасма деп табылган.

"Курманжан датка" тасмасы мамлекеттик тапшырык менен 2014-жылы тартылып, ага мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллион доллар сарпталган. Анын бет ачары былтыр 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0