18:43 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Портрет Алыкула Осмонова, художник Гапар Айтиев

Улуу акын Алыкул Осмонов 12-декабрда көз жумган

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыз акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл (29)
48030

Кыргыз поэзиясына өчпөс из калтырган залкар акын жана котормочу Алыкул Осмонов 1915-жылдын 21-мартында төрөлүп, 1950-жылдын 12-декабрында каза болгон.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Алыкул Осмонов өзүнүн кыска жашоосунда кыргыз адабияты, анын ичинен поэзиясынын өр алышына зор салым кошкон. Анын ысмы Бишкек шаарындагы Улуттук китепканага быйыл гана берилгенин "Алыкул үйү коомдук бирикмесинин" жетекчиси Памирбек Казыбаев билдирди.

Алыкул Осмоновдун көзү тирүүсүндө төмөндөгү китептери чыккан: "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Сегизинчи гвардиялык", "Махабат", "Менин жерим – ырдын жери", "Жаш акындар жыйнагы", "Мой дом" китептери чыккан. Ошондой эле Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын кыргыз тилине которгон.

  • Директор музея Алыкула Осмонова Памирбек Казыбаев
    Алыкул Осмоновдун үй музейинин жетекчиси Памирбек Казыбаев
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Алыкул Осмонов и современники
    Алыкул Осмонов замандаштары менен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Книги переведенные Алыкулом Осмоновым
    Алыкул Осмонов Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасын 1940-жылы которгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Дом музей Алыкула Осмонова
    Үй музейдин дубалдарына акындын сүрөттөрү илинген жана ошол доорго таандык эмеректер коюлган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ученики школы в музее Алыкула Осмонова
    Борбор калаадагы орто мектептин окуучулары музейге дайыма келип турушат.
  • Үй музейдин сырткы келбети баштапкы көрүнүшүнө жакындатылып оңдоп-түзөлгөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алыкул Осмоновдун үй музейинин жетекчиси Памирбек Казыбаев

Белгилей кетсек, кийинки жылы Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленет жана "Жолборс терисин жамынган баатыр" чыгармасынын кыргыз тилине которулганына 75 жыл толот.

Тема:
Кыргыз акыны Алыкул Осмоновго 100 жыл (29)

ЭҢ МААНИЛҮҮ