07:52 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
В Кыргызстане презентовали первый отечественный мультфильм

Кыргызстанда ата мекендик мультфильмдин бет ачары болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
8 0 0

Үч ченемдүү анимацияланган биринчи мультфильм телебайланыштар, Интернет, уюлдук байланыш жана жалпы эле жаңы технологиялар тууралуу айтып берет.

БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Телебайланыштар тууралуу ата мекендик биринчи 3D-мультипликациялык сериалдын бет ачары Бишкек шаарында болду. 

"5palcev" анимациялык студиянын директору Улан Дубанаев шейшемби күнү маалымат жыйынында мультфильм телебайланыштар, Интернет, уюлдук байланыш жана жалпы эле жаңы технологиялар жөнүндө экенин айтты. 

Долбоордун көркөм жетекчиси Сергей Кролевич "Акылбек менен Билимбектин окуялары" үч ченемдүү биринчи мультсериал экендигин билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн 200дөн ашык балдары мультсериалды жаратууга катышкан. Балдар башкы каармандар менен кийимдерди өздөрү тандашкан. Мультсериал жалпы билим берүүчү мектеп программасынан алынган маалыматтарды камтыйт. 

MegaCom компаниясынын жарнама жана PR департаментинин башчысы Жылдыз Мамытова мультфильм компаниянын билим берүү долбоорунун алкагында чыгарылганын белгиледи. 

"Учурда төрт мүнөттүк 10 серия кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды. Буга чейин уюлдук байланыш дүйнөсү, мобилдик этикет, коопсуз Интернет жөнүндө Кызыл-Кыя, Ош шаарларынын жана Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айылынын мектептериндеги башталгыч класстардын окуучулары үчүн агартуучулук программа ишке киргизилген. Ал эми бул мультфильмде уюлдук байланыш деген эмне экени, Интернеттеги кыймыл-аракет эрежелери түшүндүрүлөт, мобилдик алдамчылыктын белгилүү түрлөрү жана алардан коргонуу жолдору боюнча кеңештер бар", — деп чечмеледи ал.

Мультфильм "Баластан" балдар каналынан көрсөтүлмөкчү. Мультипликациялык фильмдин премьерасы Бишкекте 8-9-ноябрь күндөрү болгон илим жана технология фестивалынын алкагында өткөн.

Белгилер:
Сергей Кролевич, Жылдыз Мамытова, Акылбек менен Билимбектин окуялары, Улан Дубанаев, 5palcev, Мультфильм

ЭҢ МААНИЛҮҮ