Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Агынан жарылган ажо, жооп айткан УӨ мүчөлөрү

Жазылуу
Кечээ кыргызстандыктар Эгемендүүлүктүн чейрек кылымын белгиледик. Бүгүн — күздүн алгачкы күнү. Бүгүн — билим күнү. Майрамыңыздар менен!

Майрам болду, анын эртеси да болду. Коомчулук кызыл-чеке болуп президент Алмазбек Атамбаевдин кечээги "Ала-Тоо" аянтында сүйлөгөн сөзүн, Баш мыйзам туурасында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү боюнча айткандарын талкуулап жатат. Ал эми бир нече күнгө уланары турган иш деңизчи… 

Убактылуу өкмөтчүлөрдүн башына кара булут айланабы? Президент Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу керек деген пикирин айтты

Экс-президент сахнадан эмнеге түшүп кетти? Казганактаган эл турган аянтта азыркы президент Атамбаев экс-президент Роза Отунбаева жөнүндө, Убактылуу өкмөт туурасында жумшак айтканда "төгүлүп-чачылып" жатканда өткөөл мезгилдин президенти миңдеген адамдардын көзүнчө түшүп кетти. Таарынып кеттиби, ызага алдырдыбы, аны Роза Исаковна бир өзү эле билди окшойт.

Убактылуу өкмөт узатпай жооп берди. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин айткан сөздөрүнө жооп катары атайын кайрылуу таратып, биз экс-президент Роза Отунбаевага каршы айтылган сындарды жөнсүз деп билебиз дешти

Саясат саясаты менен, бирок майрамдык ирмемдерден тартылган сүртүмдөр менен "Ала-Тоо" аянтындагы кечки салютту бул жерден көрсөңүз болот

Кадимки эле Стивен Сигалдын киносуна тартылгыңыз келеби? Анда бул маалыматка бир көз салып коюнуз. Ким билет, буйрук деген бар эмеспи… 

Кара жолтой басмаканага эч ким басып барбаптыр. Чырактай болгон кыз-келиндерибиз Москвадагы өрттөн каза болуп, жаңыдан гана жерге берилди. Окуяны улантсак, ошол кара жолтой басмакананын коопсуздугу, курулган аянттарынын мыйзамдуулугу төрт жылдан бери текшерүүгө алынбаптыр… 

Ажал издеп зыпылдаган кара түстүү автоунаа. Кытай элчилигинин аймагында болгон терактыны жасаган Delica унаасы жардыруу жасаар алдында байкоо камерасына түшүп калыптыр. Жан кечтинин акыркы мүнөттөрдөгү кыймылын бул жерден көрсөңүз болот

Валюта баасы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.94 (сатып алуу) жана 69.11 (сатуу) сомду түздү. Акыркы күндөрү анын наркы акырындап көтөрүлүп баратканын байкоого болот.

Мунай баасы. Бишкекте Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 38. 30 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, ал эми дизель майы 30 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат

Күнүбүздүн көңүлдүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0