Түркмөнстан: Боршайком президенттикке талапкерлерди каттай баштады

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАшхабад шаары, архивдик сүрөт
Ашхабад шаары, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттикке үгүттөө иштери талапкерлер катталган соң башталып, шайлоого бир күн калганда токтойт.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Түркмөнстандын Боршайкому ишемби күнү өлкөнүн президенттигине талапкерлерди каттай баштайтаганын РИА Новости билдирди. 

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 12-февралында өтөт. Президенттикке талапкерликке үч саясий партиядан үч талапкер ат салышат.

"Демократиялык партия өлкө башчылыгына Гурбангулы Бердымухамедовду сунуштаса, өнөр-жай жана ишкерлер партиясынан Бекмырат Аталыев жана Айыл-чарба партиясынан Дурдыклыч Орозов шайлоого катышат", — деп жазылат маалыматта.

Президенттикке үгүттөө иштери талапкерлер катталган соң башталып, шайлоого бир күн калганда токтойт.

Баш мыйзамга ылайык, Түркмөнстанда төрөлгөн, өлкөдө жарандыгы бар, кырк жаштан жаш эмес, мамлекеттик тилди билген, 15 жылдан бери Түркмөнстанда жашап, иштеген адам гана президент боло алат. Президент жети жылга шайланып, ант берген учурдан тартып кызматка кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0