Кытайдагы автокырсык 17 адамдын өмүрүн алып кетти

© AP Photo / Ng Han GuanСотрудник полиции Китая и карета скорой помощи
Сотрудник полиции Китая и карета скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик учурда каза болгондордун аты-жөнүн тактап, автобусту суудан чыгарды.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кытайда эл ташыган автобус жол четиндеги сууга кулап кетип 17 киши каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттигине таянып РИА Новости билдирди.

Кырсык бешинчи күнү эртең менен Хубэй облусунда Мяолин шаарына чукул жол трассасында катталган. Автобустун ичинде 20 жүргүнчү болгон.

Маалыматтарга ылайык, бийлик учурда каза болгондордун аты-жөнүн тактап, автобусту суудан чыгарды. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби азырынча тактала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0