Депутаттар Астанага Назарбаевдин ысымын берүүнү көтөрүп чыкты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПрезидентские выборы в Казахстане
Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн Баш мыйзамына Назарбаевдин эгемендүү Казакстандын түптөлүшүндөгү эмгегин кошо белгилеп кетүү сунушу айтылган.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Казакстандык депутаттар президент Нурсултан Назарбаевдин ысымын борбор калаа Астанага берүүнү парламенттин эки палатасынын отурумунда көтөрүп чыкты. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Мажилистин (төмөнкү палатанын) депутаты Куаныш Султанов Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы боюнча декларациянын текстин окуду. Анда негизинен Астананын атын өзгөртүү маселеси каралган. 

"Эгемендүүлүккө жеткен улуу жолубуз түбөлүккө эсте калышы керек. Мамлекеттин Баш мыйзамында жана өлкөдөгү маанилүү делген башка объектилерде Казакстандын курулушуна эбегейсиз салымын кошкон тунгуч президентибиз — журт атасы Нурсултан Назарбаевдин эмгегин белгилеп кетүүнү эп көрөбүз. Елбасынын (журт атасынын) ысымы борбор калаанын жана өлкөдөгү маанилүү делген башка объектилерде чагылдырылып турушун сунуштайбыз", — деди Султанов.

Азырынча казактардын журт атасынын урматына шаарды кандай деп атоо туурасында конкреттүү чечим кабыл алына элек.

"Аталган маселе боюнча кеңешип көрүү керек. Астананы "Нурсултан" деп да, "Назарбаев" деп да атаса болот. Бул элден түшкөн сунуш. Аны биз декларацияга киргизгенбиз, ал эми эл өкүлдөрү колдоп беришти", — деп айткан Султанов. 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаевдин сүрөтү 10 миң теңгеге түшүрүлдү
Анын пикиринде, "бул шаар мамлекеттин тунгуч президентинин, калаанын түптөөчүсүнүн атын алып жүрүүсүнө" татыктуу. 

"Биздин максат — Елбасынын айланасында биригип, "Мәңгілік ел" (Түбөлүктүү эл) баалуулугун бекемдөө, аны аяр сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү. Эң башкысы — ал эгемендүү Казакстан", — деп кошумчалаган эл өкүлү. 

Мындан сырткары, декларацияда Астанада "Тәуелсіз Қазақстан" (Эгемендүү Казакстан) монументин орнотуу зарылдыгы туурасында айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0