Гүлнара Каримова өлдү деген маалымат төгүндөлүп жатат

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүОткрытие II Ташкентского кинофорума "Золотой гепард"
Открытие II Ташкентского кинофорума Золотой гепард - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каримованын кайда экендиги тууралуу так маалымат жок.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова тирүү экенин РИА Новости Каримовдордун үй-бүлөсүнө жакын адамга таянып билдирди.

Мурда бир катар ЖМК өкүлдөрү Өзбекстандын атайын кызматтарына таянып, Гүлнара Каримова 5-ноябрда ууландыруудан каза болгонун, ошол эле күнү Ташкенттеги "Минор" мүрзөсүнө коюлганын билдиришкен.

"Гүлнара Каримованын өлгөндүгү тууралуу маалымат жалган, ал тирүү", — деп жазылат билдирүүдө.

Агенттиктин маектеши Каримованын учурда кайда экендиги тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов Ушул жылдын 2-сентябрында 78 жаш курагында дүйнө салып, учурда президенттин милдетин Шавкат Мирзиеев аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0