БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жыл башынан тарта Казакстанда экстремисттик 9 акциянын алды алынган. Бул туурасында Синьхуа Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбековго таянып билдирди.
"2011-жылдан тарта акырындап даярдала баштаган мезгилинен тарта 64 экстремисттик акциялар токтотулган, ал эми алардын саны жыл башынан тарта тогузга чукулдап барды. Эл көп топтолгон жерлерге коюла турган чабуулдардын алдын алуулар болду. Анын арасында тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик атайын жайларга кол салуулар да пландалган",— деп айтты Билисбеков бул темага арналган иш-чарада.
Акыркы беш жыл ичинде террордук жана диний экстремисттик кылмыштары үчүн 445 адам эркинен ажыратылган. Быйылкы жылдын башынан тарта 25 адам соттолуп, 50 жаран убактылуу кармоо жайында отурат.
Билисбековдун маалыматында акыркы беш жыл ичинде Казакстандын аймагынан террордук активдүү жактарга чыгып кетүүгө камынган 559 кишини алып калышкан.