Өзбекстандын президенттигине 4 талапкер көрсөтүлдү, бири — оппозиция өкүлү

© flickr.com / Aleksandr ZykovТашкент шаары. Архив
Ташкент шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда шайлоо 4-декабрда өтөт. Президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Өзбекстандын төрт саясий партиясы өлкө президенттигине талапкер көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

Буга чейин Өзбекстандын социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") партиясынан Наримон Умаров, УзЛиДеП партиясынан премьер-министр Шавкат Мирзиёев, "Миллий тикланиш" партиясынан спикердин орун басары Сарвар Отамурадовдор талапкерлигин коюшкан.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Кыргызстан менен позитивдүү маанайда кызматташууга даяр экенин билдирди
Ал эми төртүнчү болуп Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан Хотамжан Кетмонов таларкерлигин көрсөттү. 

Элдик-демократиялык партия парламентте 150 орундун 27син ээлейт. Кетмонов 2015-жылы болгон президенттик шайлоодо 2,92 пайыз добуш алган. 

Өзбекстандын БШКсынын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломовдун маалыматына ылайык, шайлоо 4-декабрда өтөт. Президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып 20-октябрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов 78 жашында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0