БИШКЕК, 30-авг — Sputnik. Өзбекстан президентинин аппаратындагы маалымат булагы мамлекет башчысы Ислам Каримовдун өлүмү туурасындагы кабарды тастыктаган жок. Бул туурасына РИА Новости жазды. Буга чейин бир катар басылмалар 78 жашында Өзбекстан президенти дүйнө салды деп маалымдаган.
"Басылмалардын жазганы чындыкка дал келбейт. Президент ооруканага жаткырылган. Дарыгердер абалы туруктуу деп айтты",— деген маалымат булагы.
Өзбек лидери өткөн ишембиде ооруканага жаткырылган деп билдиришти өкмөттөн. Бул окуядан соң кызы Лола Каримова-Тиллаева атасынын мээсине кан куюлуп, кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жазган.