ТИМ: Алматыда кармалган террордук топтун ичинде кыргызстандык бар экени тастыкталды

© AP Photo / Tsvangirayi MukwazhiКамакка алынган киши. Архив
Камакка алынган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети террористтик актыларды даярдоого белсенген радикалдык топтун мүчөлөрүн кармаган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Казакстанда бир нече терактыларды жасоого аракеттенген топтун катарында кыргыз жараны да бар экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКК: Алматыда теракт жасоого белсенген топ кармалды. Арасында кыргызстандыктар бар
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Алматы облусунда Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкө аймагында бир катар террористтик актыларды даярдоого белсенген радикалдык топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн

Натыйжада топтун төрт мүчөсү кармалган. Алардан колго жасалуучу жардыргыч заттарды даярдай турган каражаттар менен диний-экстремисттик материалдар табылган. Мунун баарын алар атайын жашыруун жерде сактап келишкен.

"Кармалгандардын арасында 40 жаштагы Өзгөн районунун тургуну бар", — деп айтылат маалыматта. 

Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети иликтөө жана тергөө иштери учурда уланып жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0