ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спилили любимый тополь - случайно или по науке? Фитопатолог о логике решений
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Фатима Серазиева: “Анна Германдай ырдасам деп кыялданчумун”
17:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20160711/1027564110.html
Казакстанда төңкөрүш кылгысы келген Тулешов Кыргызстандагы окуяларды иликтеген
Казакстанда төңкөрүш кылгысы келген Тулешов Кыргызстандагы окуяларды иликтеген
Sputnik Кыргызстан
Шымкенттин атайын кызматынын маалыматына ылайык, Тохтар Тулешов Кыргызстандагы Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" деген наамы берилген. 11.07.2016, Sputnik Кыргызстан
Шымкенттин атайын кызматынын маалыматына ылайык, Тохтар Тулешов Кыргызстандагы Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" деген наамы берилген.
АСТАНА, 11-июл. – Sputnik. Алия Самидин. Мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып жаткан Шымкент шаарынан чыккан ишкер Тохтар Тулешов 2005-2010-жылдарда Кыргызстанда болгон окуяларды дыкат изилдегенин Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Руслан Карасев маалымат жыйында билдирди.
Тулешовдун 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү
"Бийликти басып алууну ишке ашыруу үчүн ал өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылган. Бул максатта ал 2005-жылы жана 2010-жылдагы Кыргызстандагы абалды иликтеген. Кыргызстанга келгенде ал өзүнө керектүү маалыматтарды топтоп жүргөн", — деген пикирин Карасев журналисттерге айтты.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, Тулешовго таандык ишканаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү тинтүү учурунда атайын жайга катылган курал-жарак, аскерий униформа жана документтер табылган.
Документтердин арасында Тулешовдун КРдин мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен түшкөн сүрөтү жана 2006-жылы берилген Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" күбөлүгү алынган.
Ишкер Тулешов январь айынын аягында Шымкенттин күч түзүмдөрүнүн атайын операция учурунда кармалган. Анын жанынан бир нече курал-жарак табылган. Февраль айынын башында Астана шаарынын Алматы районунун соту Тулешовду кармоо чечимин чыгарган. Июнь айында Казакстандын атайын кызматы Тулешовду жана жогорку кызмат адамдары менен биргеликте бийликти басып алууга аракет кылган деп билдирген.