БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасы кытай тараптын демилгеси менен убактылуу жабылып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эркечтам көзөмөл өткөрүү бекети 13-марттан 1-мартка чейин жабылса, Торугарт көзөмөл өткөрүү бекети 18-февралдан 24-февралга чейин жабык болот.
Эркечтам көзөмөл өткөрүү бекети 2-марттан баштап иштесе, Торугарт көзөмөл өткөрүү бекети 25-февралдан тарта ачылат.