Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..

© Фото / Геннадий ЗакировТоктогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү
Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышка отунду жайда камда. Кыргызстандын энергетика тармагы кышты кандай тосот. Учурда тийиштүү адистер жабдуулар кароодон өтүп, оңдоо иштери толук жасалганын, эми келе жаткан кышта электр кубатын иштеп чыгуу жагынан эч кыйынчылыктар болбой турганын айтышууда

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik, Таалайбек Ороскулов. Сентябрдын акыркы күндөрү жылуу болуп, элди кубантууда. Бирок жакшы кожоюн үйүн кышка эртелеп камдап, суук түшө электе жылуулайт эмеспи. 

Sputnik Кыргызстан өлкө күз-кыш мезгилине кандай даярдык көрүп жатканын республиканын энергетика кызматкерлеринен билип көрдү.

Ай, ушул миллиарддар!

"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Токтогул ГЭСи кышка толук даяр экенин Sputnik Кыргызстан кабарчысына билдирди. 

© Фото / Роман Гайнанов"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева
Пресс-секретарь ОАО Электрические станции Тагжана Айдаралиева - Sputnik Кыргызстан
"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева

Анын айтымында, 22-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 миллиард 356 миллион куб метрди түзгөн. Ушундай эле көлөм мындан төрт жыл мурун — 2012 жылы катталган. Эгер 2010-жылы бур көрсөткүч 19,51 миллиард куб метрди түзсө, 2011-жылы 19,54кө жеткен. 2013-жылы төмөндөп, 15,92 болсо, 2014-жылы — 11,92, ал эми былтыр 13,01 миллиард куб метрди түзгөн.

"Бүгүнкү күндөгү суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу4 миллиард 446 миллион куб метрге көп. Акыркы маалыматтар боюнча суунун агып кирүүсү секундасына 360 куб метрди түзсө, чыгуусу 204 куб метрге жетет. Кышкы суукка байланыштуу электр кубатын чыгара турган ишканаларга катуу күч келет. Ага туруштук берүүгө Токтогул ГЭСи "Электр станциялары" ишканасына кирүүчү бардык калган ГЭСтер менен ТЭЦтердей активдүү даярданып жатат. Өткөн кышта жарактан чыгып калган гидроагрегаттар өтө кыска мөөнөттө кайра ишке киргизилди. Токтогул ГЭСи эң жогорку кубаттуулукта иштеп, кышка чейин 1200 мегаватт иштеп чыгууга даяр болот", — деди Айдаралиева.

Ал бардык жабдуулар кароодон өтүп, керектүү оңдоо иштери толук жасалганын, эми келе жаткан кышта электр кубатын иштеп чыгуу жагынан эч кыйынчылыктар күтүлбөстүгүн белгиледи. 

Жаз менен жай кышты багат 

Улуттук энергетикалык холдингдин маалымат катчысы Фатима Төрөканова Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү быйылкы жаз-жай мезгилдеринде агын суунун мол болушунун аркасында көбөйдү деп билдирген. 

© Фото / Алтынай КалмуратоваУлуттук энергетикалык холдингдин маалымат катчысы Фатима Төрөканова
Пресс-секретарь ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания Фатима Тороканова - Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергетикалык холдингдин маалымат катчысы Фатима Төрөканова

Анын айтымында, быйыл агын суу көп жылдык орто ченеминен 120 пайызга жогору болгон. 

Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук энергетика холдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата ГЭС-1ге инвестор издөөнү тапшырды
"Андан тышкары, өткөн кышта жана быйылкы жылдын жаз мезгилинде электр кубатын Казакстандан сатып алышыбыз да суунун көп топтолушуна көмөк болду. Кыш мезгилинде электр кубатын көп пайдалангандыктан суу үч эсе көп сарптала турганына карабай, 2016-2017-жылдардын кышынан 11 миллиард куб метрден кем эмес суу менен чыксак деп пландап жатабыз. Бул суунун жол берилчү эң аз көлөмү болуп эсептелген 6 миллиард куб метрден дээрлик эки эсе көп", — деди Төрөканова.

Ал электр кубаты түштүктөн түндүктү карай 500 киловольттук "Токтогул-Фрунзе" жана жогорку чыңалышагы электр түйүндөрү (ЛЭП) аркылуу бериле турганын белгиледи. "Датка-Кемин" өткөн жылы ишке киргизилген. 

Жамгыр төктү, эч басылбай…
Кыргызгидромет

Кыргызгидрометтин метеобожомол бөлүмүнүн адиси Юлия Алькина быйыл аба ырайы абдан жаан-чачындуу болгонун ырастайт. Анын айтымында, жалпы жонунан жаз-жай мезгилдеринде жаан көп жаап, айрым аймактарда чегинен ашып кеткен. 

© Фото / Светлана АбрамоваКыргызгидрометтин метеобожомол бөлүмүнүн адиси Юлия Алькина
Ведущий специалист отдела метеопрогнозов Кыргызгидромета Юлия Алькина - Sputnik Кыргызстан
Кыргызгидрометтин метеобожомол бөлүмүнүн адиси Юлия Алькина

"Токтогул суу сактагычына куюла турган суу чогулуучу жерде Тянь-Шань, Нарын жана Токтогул метеорологиялык станциялары бар. Байкоолорго ылайык, орточо эсеп менен жаз-жай аралыгында нормадан 1,5 эсе көп жаан-чачын жааган", — деди синоптик.

Ал аба ырайынын божомолуна ылайык, октябрда абанын температурасы өз чегинде болорун белгилейт. Ал эми ноябрь менен декабрга карата азырынча божомолдор жок.

Бирөөнү жоготсок, бирөөнү таап…

"КУЭС" ААКнын долбоорлорун ишке ашырчу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов Sputnik Кыргызстан кабарчысына быйыл "Датка Кеминдин" ишке киргизилиши менен электр кубатын жоготуу 37 миллион кВт/саатка кыскарып, бул КУЭСтин бардык тармактары боюнча жоготуулардын 0,26 пайызын түзөрүн билдирди. 

© Фото / Эльзада Саргашкаева"КУЭС" ААКнын долбоорлорун ишке ашырчу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов
Начальник группы реализации проектов ОАО НЭСК Раимкулов Рустанбек - Sputnik Кыргызстан
"КУЭС" ААКнын долбоорлорун ишке ашырчу тобунун башчысы Рустанбек Раимкулов

"Жайкысын Бишкек күнүнө 4,5 миллион кВт/саатка жакын электр кубатын колдонот. Демек, жоготуулардан үнөмдөлгөн электр кубаты борбор калаага бир жумага толук жетет. Күнүнө 150 миң кВт/саат керектөөчү Талас шаарын 247 күн камсыз кылса болот, Манас районуна болсо ал 616 күнгө, башкача айтканда, 1 жыл 7 айга жетет", — деди Раимкулов.

Анын айтымында, мындан тышкары, 2015-жылдын сентябрынан бери Кыргызстан Казакстандын "KEGOC" АК компаниясынын түйүндөрүндөгү жоготуулардын ордун төлөөнү токтотту. Анын жылдык көлөмү 200 миллион кВт/саат болчу.

Киров суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Абдылдаев: Борбор Азиядагы энергетикалык жана суу байлыктары адилетсиз пайдаланылууда
"Мурда Кыргызстан жыл сайын коңшу өлкөлөрдүн түйүндөрүн пайдаланганы үчүн Өзбекстанга 8 миллион доллар (549 млн сомго жакын) акы төлөп, ал эми Казакстанга 200-214 миллион кВт/саат жоготуулардын ордун толтуруп берчү. Өлкөнүн түштүгүндө электрди өткөргүч линияларды жаңылоо менен электр кубатын Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөрүп келген үчүн бул өлкөгө 2013-жылдан бери акы төлөнбөйт. Ал эми 2015-жылы "Датка — Кемин" жана "Кемин" подстанциясын куруу менен Казакстанга акы төлөөдөн кутулдук", — дейт адис.

Ал белгилегендей, "Датка — Кемин" Кыргызстандын коңшу мамлекеттерден көз карандысыз болууга мүмкүндүк берип, Борбор Азиянын энергетикалык алкагынын ишенимдүү иштешин камсыз кылды. 

500/220 кВ "Кемин" подстанциясы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын жарык менен камсыз кылат.

Оңдогон жер сынбайт

"Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева Sputnik Кыргызстан кабарчысына уюмдун филиалдарындагы пландык оңдоо иштери 90 пайызга бүткөнүн билдирген. 

© Фото / пресс-служба НЭСК"Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева
Руководитель пресс-службы ОАО НЭСК Эльзада Саргашкаева - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева

Анын айтымында, энергетика объектилерин күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштеринин алкагында 81 подстанциянын жабдуулары капиталдык оңдоодон өтүп, 149 жогорку вольттуу подстанцияларда кезектеги оңдоо иштери аткарылып, 89 трансформатор кышка даярдалып бүттү.

"Адистер узундугу 3,5 миң чакырымдан ашык узундуктагы электр өткөргүчтөрдү техникалык тейлөөдөн өткөрдү. Андан тышкары, имараттар, курулуштар жана автоунаалар оңдолуп жатат. Энергетика объектилерин суу ташкындарынын кесепеттеринен коргоого өзгөчө көңүл бурулат", — деди Саргашкаева.

Электр линияларын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күз-кыш мезгилине кайсы энергетикалык объектилер даяр
19-сентябрдан 8-октябрга чейин Кыргызстандын улуттук электр станциялары ишканасынын техникалык тейлөө боюнча адистери менен Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия жабдуулардын кышка даярдыгын текшерип баа берүү үчүн аймактарды кыдырып чыгышат. 

Жыйынтыктап жатып өлкө энергетиктери кыш мезгилинде тургундарды жарык менен толук камсыздоого болгон аракетин көрүп жатканын билүүгө болот. Ал эми жылуулук маселеси кандай абалда экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин ТЭЦ тууралуу даярдаган кийинки материалынан окуңуз.

Чын эле ушундайбы?

Отун-энергетикалык комплекстин мурунку директору, энергетика боюнча эксперт Нурбек Элебаев Токтогул суу сактагычындагы суунун ири көлөмү электр энергиянын үзгүлтүксүз болушун шарттабайт деген пикирде.

"Ооба, быйыл Токтогулда суунун деңгээли жакшы. Бирок акыркы жылдары Кыргызстанда электр энергияны пайдалануу көлөмү да көбөйдү. Эгер электр энергиянын ички өндүрүмү пайдалануунун деңгээлин жапса гана кыргызстандыктар жарык үйдө отурушат", — деди эксперт.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандан алган электр энергиясын кайтара баштады
Мындай пикирге "Түндүкэлектр" ишканасынын директорлор кеңешинин мурунку мүчөсү Сапарбек Аргынбаев да кошулуп, суу кийинки жылдын 1-апрелине чейин кенен-кесир жетерин белгилейт.

"Электр энергияга болгон учурдагы жогорку тариф аны пайдалануунун көлөмүн жогорулатпайт. Демек, жазга чейин болжол менен 10 миллиард куб суу калат", — деди ал. 

Аргынбаев кандай болгон күндө да электр энергиясын үнөмдөө керек экенин айтып, ар кандай кырсыктан эч ким кепил боло албай турганын кошумчалады.

"Кыргызстандыктар үнөмдөөнү үйрөнүштү, демек, ашыкча жүк келбейт. Бул электр тармактарынын абалын оордотпой, ар кандай кырсыктардын алдын алат", — деди эксперт.

Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн энергия элге жетет, ал эми коррупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуп, туура башкарса аны экспорттоо тууралуу да ишенимдүү айта баштаса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0