Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болот? Эксперттердин божомолу

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүҮй куруу иштери. Архив
Үй куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салт катары күзүндө турак-жайга суроо-талап өсөт. Sputnik Кыргызстан редакциясы бул жагдай быйыл кандай болорун жана эмне үчүн эл кыймылсыз мүлктү аз сатып алып калганын аныктады.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстанда дал ушул күз мезгилинде турак-жайга суроо-талап өсүп, ага жараша баалардын да жогорулашы салтка айланып калган. 

быйылкы күз үй саткандар менен сатып алуучулар үчүн баалардын көкөлөшү менен эсте калабы же тескеринче, такыр түшүп кетеби, ошондой эле турак-жай рыногунун жанданышын күтсө болобу?  Sputnik Кыргызстан редакциясы ушул суроолорго жооп издеди. 

Турак-жайдын ар жылкы пайдаланууга берилиши

Курулуп жаткан Бишкек: баш айланткан ирмемдер
Акыркы жолу Кыргызстанда бир жыл ичинде бир миллион чарчы метрден ашык (1,2 миллион) турак-жай 1991-жылы пайдаланууга берилген. Андан кийинки жылдары бир топ төмөн болуп, бөтөнчө 1995-жылы өтө аз, болгону 325 миң "чарчыны" гана түзгөн. Миллиондун босогосун 2014-2015-жылдары гана аттоого мүмкүн болду. Бирок 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы боюнча бул сан 470 миң чарчы метрди түзгөн. 

Соода-сатыктын саны

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, чынында эле август-октябрь айларында сатуунун көлөмү өсөт. Бирок акыркы жылдары кыймылсыз мүлк рыногу төмөндөп же өзгөрүүсүз турат. 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында 40 миңдей сатык келишими түзүлсө, өткөн жылдын январь-июнь айларында бул сан 28,5 миңге жеткен. Бирок төмөндөө басаңдап, быйылкы жылдын биринчи жарымында дээрлик 28 миң келишим түзүлгөн. 

Кыргызстандагы турак жайлар боюнча сатып алуу жана сатуу боюнча жарым жылдык көрсөткүч
Күзүндө кыймылсыз мүлктүн баасы кандай болот? Эксперттердин божомолу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы турак жайлар боюнча сатып алуу жана сатуу боюнча жарым жылдык көрсөткүч

Батирлердин баасы 

Бишкектеги кыймылсыз мүлк базары - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн Бишкектен батир сатып алуу оор? Сандар, сандар, сандар…
Риэлтлердин маалыматына таянсак, азыркы кезде Бишкекте мурда салынган бир бөлмөлүү батирлер 27-28 миң доллар, эки бөлмөлүүсү 35 миңдин тегерегинде. Ал эми үч бөлмөлүү батир 55 миңдей турат. Мурда баалар кымбатыраак болчу. Алсак, бир жыл мурун 10 пайызга, ал эми 2014-жылы 30 пайызга жогору эле. 

Курулуш компанияларынын биринин директору Данияр Иманалиевдин маалыматы боюнча, азыркы кезде жаңы турак үйдүн бир чарчы метри 600-1200 доллар турат. Бир жыл мурун баалар ушундай эле болсо, 2014-жылы 700-1500 доллардын чегинде турган.

Рыноктун жандануусу

Риелторлор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Пьянковдун пикиринде, өткөн күзгө караганда быйыл сентябрь-ноябрь айларында соода-сатык көбүрөөк болот.

"Биздин жакында жасаган божомолдоолорго ылайык, мурда салынган батирлерди сатуу 3-5 пайызга өсөт. Мунун себеби, адатта эл күзгү түшүмүн сатып, турак-жай шарттарын жакшыртуу үчүн үй сатып алышат. Экинчи себеби, быйыл доллардын баасы салыштырмалуу туруктуу болду. Адатта валюта олку-солку болуп турганда эл курстун кандай болорун билбей, кыймылсыз мүлк сатып албай турат. Курс туруктуу болсо, соода-сатык өсүп, туруксуз болсо, тескерисинче, түшүп кетет", — деди Пьянков.

Өз кезегинде Иманалиев жаңы салынган турак үйлөрдү сатуу-сатып алуу да күч алат деп божомолдойт. 

"Беш пайызга өсөт деп ишеничтүү айтса болот. Адатта күз мезгилинде суроо-талап күчөйт. Эмне үчүн экенин так айта албайм, бирок күздө сооданын өсүшү – турган иш", — деди курулуш компаниясынын директору.

Баалар мурункудай элеби

Пьянков кыймылсыз мүлктүн баасы өзгөрбөйт деп болжолдойт. 

"Соода-сатыктын беш пайызга өсүшү анча көп эмес көрсөткүч. Ал баага таасирин тийгизбейт. Акыркы бир нече жылы баалар туруктуу болуп, бир деңгээлде сакталып келет. Бирок бул сом менен алганда Ал эми доллар менен бекитилген баа курска жараша өзгөрүп турат. Башкача айтканда, эгер батир үч миллион сом турса, азыр деле ошондой. Бул баалар акылга сыярлык экенин далилдейт", — деди риэлторлор башчысы.

Анын сөзүн шаар тургуну Максат Алымкулов да ырастайт.

Курулуп жаткан турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеткиликтүү турак жай программасынын алкагында 31 мугалим үйлүү болду
"Чынында эле мен эки жыл мурун эки бөлмөлүү батирди 33,4 миң долларга алгам. Жакында 22 миң долларга саттым, бирок сом менен алганда болжол менен мурдагы эле баасы чыкты", — дейт бишкектик тургун.

Курулуш компаниясынын директору да баалар өзгөрүүсүз калат деп эсептейт. 

"Жаңы турак-үйдүн чарчы метри жайгашкан жерине жана башка көрсөткүчтөрүнө жараша 600 доддардан 1200гө чейин турат. Бирок азыр сунуш көп, андыктан баалар өспөйт", — деди Иманалиев.

Мамлекеттик ипотека рынокко кандай таасир этет?

Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания ишке кирип, 3 миллион сомго чейинки насыяны 12-14 үстөк пайыз менен бере баштады. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков убада кылгандай, ал 10 пайызга чейин төмөндөйт. Августтун ортосуна чейин 202 насыя берилген.

"Насыя берүүнүн шарттары көпчүлүк каалоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келбейт, андыктан бул суроо-талаптын кескин өсүшүнө алып келбейт", — деди Пьянков.

Курулуш компаниянын башчысы азырынча ипотекага сатыла турган өз алдынча үйлөр курулбастыгын белгиледи. 

"Демек, даяр турган үйлөрдү сатып алышат. Алардын саны жетиштүү. Анан калса, ипотеканын шарттары жаңы турак-жай сатып алганга мүмкүндүк бербейт, себеби чарчы метрдин баасы жагынан чектөөлөр бар", — дейт Иманалиев. 

Акча жок

Рыноктун туруп калышынын башкы себеби — калктын колунда акчанын жетишсиздиги.

"Элге насыя берсе болот дечи, бирок аны кантип төлөйт деген суроо турат. Негизги маселе — калктын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн аздыгы", — деди Иманалиев.

Пьянков да каражаттын жетишсиздигин белгилейт, анын себептеринин бири — рубль кунунун түшүп кетиши.

"Рыноктун мындан ары өрчүшү акчанын санына жараша болот, эгер элдин колунда акча жетиштүү болсо рынок жанданат, бирок азырынча акча көбөйөт дегенге негиз жок",— деди риелтор.

Баалар өсөт

КРдин эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев таптакыр башка ойдо. Ал баалар өсүп кетет деп эсептейт. Экономист азырынча элде акча аз экенине макул болгону менен мындай абал жакынкы арада өзгөрөт деген ойдо. 

"Быйыл түшүм жакшы, айыл чарба продукциясын сатууга жаңы рыноктор пайда болду. Мигранттардан келген акча өсүп жатат, себеби алардын шарттары жакшырды. Андыктан соода-сатыктын да саны көбөйөт. Ага жараша турак-жай баасы да көтөрүлөт. Өсүш анча чоң эмес, 10 пайызга чейин болот", — деп божомолдойт Акенеев.

Экономист жандануу турак-жай рыногунда гана эмес, башка тармактарда да, алсак, жеңил унаа жагында да болот деп эсептейт.

Доллардын курсу күзүндө өзгөргөн-өзгөрбөгөнү жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0