Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дастан Жумабеков: төрөлгөн ымыркайларга 30 миң сом жөлөк пул берилет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун архивдик сүрөтү
Кыргызстан фракциясынын депутаты Дастан Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын депутатынын айтымында, мыйзам аткарылып калса жаңы төрөлгөн балага чоң жардам болмок.
Дастан Жумабеков: төрөлгөн ымыркайларга 30 миң сом жөлөк пул берилет

Төрөлгөн ымыркайларга 30 миң сом жөлөк пул берүү керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын депутаты, мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Жумабеков билдирди. 

Эл өкүлүнүн айтымында, 2018-жылдын 15-январынан 30 миң сом (айына 2500 сом), ал эми эки жылдан кийин бул сумманы 50 миңге (айына 4166 сом) жеткирүү каралууда.

"Ушу тапта эне-баланы колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргызстандын келечеги оор болуп калат. Анткени башка өнүккөн өлкөлөрдө мурунтан эле ымыркай төрөлгөн үй-бүлөлөрдү колдоп келишет. Жаңы төрөлгөн жарандарын камсыздай албаган өлкөнү тагдыры бүдөмүк. Аларга жардам көрсөтүү менен денин сак кылып өстүрүп, патриоттук сезимдерин ойгото алабыз", — деди Жумабеков. 

Мыйзам долбоордун негиздемесинде 2013-жылга карата берилген маалымат боюнча 155 миң 520 бала жарыкка келип, анын ичинен 3096 бала каза болгону айтылат. Бул көрсөткүч 1000 ымыркайдын 20сы бир жашка чыкпай чарчап калат дегенди түшүндүрөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0